Кыргызстанда жылыткычтарды колдонууга тыюу салындыбы? Расмий жооп

© AFP / PHILIPPE HUGUENКиши жылыткыч менен. Архив
Киши жылыткыч менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Кадамжай районундагы пломба коюлган жылыткычтардын сүрөтү талкууга алынган.
БИШКЕК, 19-ноя. – Sputnik. Кыргызстандын Улуттук энергохолдинги жылыткычтарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча жагдайга түшүндүрмө берди. 
Буга чейин соцтармакта Кадамжай районунда жылыткычтарга пломба коюлганы айтылып, сүрөтү жарыяланган.
Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, пломба абоненттердикине эмес, коммерциялык керектөөчүлөрдүн жылыткычтарына коюлган.
"Элге электр энергиясы менен жылытуучу жылыткычтарды колдонуу тыюу салынды деген чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сактоо жана электр энергиясын калкка үзгүлтүксүз берүү максатында бөлүштүрүүчү компаниялар керектөөчүлөрдүн уруксат берилген гана көлөмдө электр энергиясын колдонуп жатканын текшерген.
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Кыштан жылыткычсыз чыгуунун жолдору. Жөнөкөй 14 кеңеш
"Электр энергиясын колдонууга берилген чектен ашып кеткен абоненттердин суу жылытуучу от казандарына пломба коюлду", — деди холдингден.
Эске салсак, 7-ноябрда "Түндүк электр" кыргызстандыктардын эсептегичине электр энергиясын керектөө кубаттуулугуна чектөө койгон. Бир фазалуу абоненттерге 5 киловатт, үч фазалууларга 10 киловаттка чейин чек коюлган. Энергокомпания Бишкек, Чүй жана Талас облустарын тейлейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0