Борбиев, Казаков, Темирова. Наам алган маданий ишмерлер. Тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремонии награждения государственными наградами Кыргызской Республики за особый вклад в развитие страны
Церемонии награждения государственными наградами Кыргызской Республики за особый вклад в развитие страны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Сыйлангандардын арасында азыркы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев да бар. Ал Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төкмө акындар, артисттер, музыканттар, ырчылар, режиссёрлор мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы президент Садыр Жапаров атылган жарлыкка кол койгондугун билдирди.

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Куткаруучуларга мамлекеттик деңгээлдеги жогорку наам берүү сунушталды
II даражадагы Манас ордени төкмө-акын Замирбек Үсөнбаевге ыйгарылса, театр артисти, атактуу талант Мираида Далбаева III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Ал эми азыркы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган.

Динара Акулова, Бек Борбиев, Айчүрөк Иманалиева баштаган бир топ ырчыларга Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды.

Бул мамлекеттик наамдар Кыргызстандын  көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу берилген.

II даражадагы Манас ордени менен сыйланды:

  • Усенбаев Мир (Замир) Алымкулович – төкмө акын;

III даражадагы Манас ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Ахмадалиев Тулкунджан Курбанович (Адали Анатолий) – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетектөөчү сахна чебери;
  • Далбаева Мираида Ускумбаевна – театр жана кино актрисасы, "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
  • Ибраев Анарбек Адылович – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  • Казаков Түгөлбай Токтогулович – композитор, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият-Тарых-Тил" телеканалынын редактору, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
  • Каныметова Гүлайым Кызайбайевна – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  • Темирова Айтурган – кино актрисасы.

Даңк ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Дюшалиев Камчыбек – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын окутуучусу;
  • Мамашова Кутбүбү (Гүлсүн) – ырчы, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын музейинин башчысы.

Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы төмөнкүлөргө берилди:

  • Абдыкадыров Нурлан Жалиловичке – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссёру;
  • Акулова Динара Догдурбаевнага – эстрада ырчысы, "Доор" эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти;
  • Аманбаев Исирадин Абдилашимовичке – композитор, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору;
  • Анникова Валентина Васильевнага – М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жетектөөчү сахна чебери;
  • Борбуев Берадор Смановичке – эстрада ырчысы, "Бек" эстрадалык ансамблинин жетекчиси;
  • Гилка Валентина Григорьевнага – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисти;
  • Жоробекова Шакенге – жыгач ооз комуз чебери;
  • Иманалиева Айчүрөк Асылбековнага – эстрада ырчысы, "Айчүрөк" эстрада театрынын көркөм жетекчиси;
  • Мааданбеков Эсенбекке – обончу, композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын музыка мугалими;
  • Маматкулов Абдырасул Токоевичке – эстрада ырчысы;
  • Мырсалиева Сайрабүбү Ажыкуловнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  • Өмүрова Берметке – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисти;
  • Турсунбаев Нурканбекке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  • Ыбыкеев Бактыбек Эсентуровичке – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардак наамы:

  • Абыкеев Чолпонбек – жазуучу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
  • Кулмамбетов Жаныш Осмоновичке – драматург, театр сынчысы, "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин президенти;

Кыргыз Республикасынын эл акыны ардак наамы:

  • Болгонбаев Азамат Таалайбековичке – төкмө-акын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору;
  • Кутманалиев Амантай Токтогуловичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун төкмө акыны;
  • Токтобеков Жеңишбек Жумакадыровичке – төкмө акын;
  • Туткучев Аалы Төлөгөновичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун жетекчиси;
  • Чотурова Бактыгүлгө – акын, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын адабий бɵлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардак наамы:

  • Чаланов Ишенбекке – сүрөтчү, С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактар боюнча окутуучусу, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

Даңк медалы менен сыйланды:

  • Мамбеталиев Сатыбалды – жазуучу, журналист, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" жана "Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу" коомдук бирикмелеринин мүчөсү;
  • Набиуллин Гусман Рахматуллович – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин артисти;
  • Токтосунов Самаган Сарлыкович – сүрөтчү, кол өнөрчү;

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамы ыйгарылсын:

  • Абдыкадырова Динара Жээнбековнага – А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисти;
  • Адылов Шекербек Кубанычбековичке – төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун чебери;
  • Азиреткулов Хабибилла Мустапакуловичке – обончу, Бишкек шаарынын Т. Сатылганов атындагы № 69 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин музыка мугалими;
  • Акматов Абдыкалыкка – театр жана кино актёру, "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
  • Байзакова Гүлзат Дапиевнага – ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн Армиясынын борбордук үйүнүн эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти;
  • Бакчиев Элдияр Туратбековичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын алдындагы "Манас" Президенттик камералык оркестри" мамлекеттик мекемесинин артисти;
  • Балыкбаева Сагынбүбү Таштанбековнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин солисти;
  • Бокоева Бактыгүл Анарбаевнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;
  • Жаксалиева Набира Мухамбеткалиевнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстери;
  • Жумагазиев Тилек Усубалиевичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  • Жолдошов Кутманбек Кадыровичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  • Исмаилова Кызбурак Асанбековнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хорунун артисти;
  • Кадыркул кызы Дилбарканга – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы  "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти;
  • Кайыпов Өмурзак Бекмуратовичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун артисти;
  • Калмуратов Илимбек Жамбуловичке – "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын артисти;
  • Камилов Алимжан Шермаматовичке – Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын артисти;
  • Кахарова Гүлнара Мамадалиевнага – эстрада ырчысы;
  • Качкынова Рабигага – М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын артисти;
  • Качкыналиев Уланбек Эшимбековичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  • Козубаев Махаматжан Бабаевичке – А. Жайнаков атындагы Баткен облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисти;
  • Кудайбергенов Борончу Молдокматовичке – сатира артисти;
  • Маматьярова Рахима Тургунжановнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын экинчи скрипка тобунун концертмейстеринин орун басары, оркестрдин артисти;
  • Мухаметшина Зарина Ренатовнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балетинин солисти, жетектөөчү сахна чебери;
  • Насирдинов Асылбек Толоновичке – элдик музыка чебери,
  • К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырларды ырдоо кафедрасынын окутуучусу;
  • Нургазиева Медергүл Чопбаевнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
  • Осмонова Гүлайым Омуровнага – К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисти;
  • Райимканов Анарвай Алымовичке – Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын башкы дирижёру;
  • Рысалиев Токтогул Чолпонкуловичке – ырчы, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук маданият бɵлүмүнɵ караштуу Б. Эдигеев атындагы "Ысык-Ата-Арашан" элдик-фольклордук ансамблинин кɵркɵм жетекчиси;
  • Сардарбеков Анарбек Карагуловичке – обончу, аткаруучу;
  • Сыдыков Дөөлөтбек Качкыновичке – манасчы, "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинин директору;
  • Чообиев Мунарбек Шейшеналиевичке – ырчы, "Кыргыз Руху" эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти;
  • Шамшиева Насиятхан Акышевнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамы:

  • Абилов Абдимуктар Раимжановичке – "Эркин Тоо" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезитинин редакциясынын кабарчысы;
  • Асанов Нуркамил Турдубаевичке – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" телеканалынын жогорку категориядагы телеоператор-координатору;
  • Дандыбаева Күлсайра Жоошбаевнага – Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепкана системасынын директору;
  • Дуйшембиева Гульназ Карыбековнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти, сахна кыймылы боюнча репетитору;
  • Жаналиева Шейшекан Басекеновнага – журналист, жазуучу, "Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
  • Жусупов Камчыбекке – обончу, аткаруучу;
  • Зарлыкова Кересбүбүгө – акын, жазуучу, драматург;
  • Итигулова Чынара Кайбалиевнага – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Кыргыз радиосу" радиостанциясынын комментатору;
  • Калыков Кадырбекке – Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын режиссёру;
  • Кожогулов Атахан Бейшеналиевичке – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Замана" таңкы берүүсүнүн кабарчысы;
  • Молдокматова Ассоль Абдыкалыевнага – журналист, коомдук ишмер;
  • Наматов Аман Наматовичке – жазуучу, журналист;
  • Омурбаев Нур Санташевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык оркестри коллективинин көркөм жетекчиси-дирижёру;
  • Осмоналиев Сапарбай Талиповичке – сүрөтчү, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Рублинская Тамара Юсуфовнага – Чүй облусунун Жайыл райондук балдар музыкалык мектебинин вокал боюнча окутуучусу;
  • Сабитова Анара Сагындыковнага – Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинин директору;
  • Сатыбалдиев Мусакун Асангуловичке – жазуучу, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Султанкулов Дүйшөналы Итибаевичке – жазуучу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окутуучусу;
  • Тезекбаева Элмира Асанбековнага – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият-Тарых-Тил" телеканалынын баяндамачысы;
  • Төлөмүшова Гүлбара Байышевнага – кино таануучу, Ч. Айтматов атындагы Кино үйүнүн адиси;
  • Усубалиев Бектен Ашымбаевичке – С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактар боюнча окутуучусу, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Черных Галина Константиновнага – Жалал-Абад шаардык М.И. Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин теориялык сабактар боюнча окутуучусу;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

  • Абдыраев Сталбек Нурмамбетович – "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын редактору;
  • Ажыбаев Кубанычбек Моңолдорович – ырчы, аткаруучу;
  • Айдыралиева Марина Мамбеткуловна – П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин комуз классынын мугалими, элдик аспаптар бөлүмүнүн башчысы;
  • Акунов Руслан Кубанычбекович – кинорежиссёр, сценарист;
  • Анарбаев Талант Абдыкалыкович – сатира артисти;
  • Асанова Анипа – "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын режиссёрунун ассистенти;
  • Бекишов Кылычбек Абдыкасымович – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти;
  • Биймырзаев Алыкул – С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактар боюнча окутуучусу, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Гаипова Гулипар Калмаматовна – Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын артисти;
  • Демченко Валентина Ивановна – Бишкек шаарынын № 2 Балдар искусство мектебинин вокал классынын окутуучусу;
  • Егинбаева Ирина Егинбаевна – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Биринчи радио" радиостанциясынын баяндамачысы;
  • Исаев Каныбек Султанович – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Боз Салкын" элдик фольклордук ыр-бий ансамблинин жетекчиси;
  • Исанов Данияр Кушубекович – жазуучу, журналист, "Бешинчи канал" жабык акционердик коомунун диктору;
  • Какенова Жаңыл Чекировна – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын пландоо боюнча координатору;
  • Курманалиев Тынар Кадырович – сатира артисти;
  • Маратов Асылбек Маратович – төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең-төрагасы;
  • Мусабеков Аскат Мусабекович – ырчы, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  • Тилепбергенова Дальмира Жиргалбаевна – Т. Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын кинорежиссёру;
  • Турумбеков Аскар Асанбекович – сүрөтчү, скульптор, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Чилдебаев Атабек Романович – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын машина жана жасалгалоо бөлүмүнүн жетекчиси, сахна жумушчусу.
Жаңылыктар түрмөгү
0