Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым

© Фото / Great studioКыргызстандын ишкер айым Екатерина Мирниязова
Кыргызстандын ишкер айым Екатерина Мирниязова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Екатерина Мирниязова маникюр жасаганга чейин күйөөсүнүн беш миң сом айлыгына жан багып келишкен. Ал эми учурда айына 600 миң сом табат, жакында миллионго жеткирем деген тилеги бар.

Ишкер айым тырмак жасоону үйрөткөн курстары менен эл аралык деңгээлге чыга баштады. Өзүнүн жеке бренди менен ийгиликтүү иш алып барууда. Ал "алгачкы тапкан акчама муздаткычым толо түшсө ыйлагам" деп эскерди ишкерликтин баштапкы күндөрүн.

Екатерина Мирниязова Sputnik Кыргызстандын кабарчысы менен ишкерликке чейинки жана андан кийинки жашоосу тууралуу маек курду.

— Ишкерликке аттанган алгачкы кадамдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, баары эмнеден башталды?

— Адамдар башына оор күн түшүп, чындап кыйналганда гана ордубуздан козголот экенбиз. Менин да жашоомдо "тур, иште" деген коңгуроо болгон. Апам экөөбүз маникюрга барчубуз, байкасам кардарлары күн-түн дебей көп болот экен. Жолдошума мен да тырмак жасаганды үйрөнөм десем, макул болуп курска жазылдым. Бул тармакка келгениме шүгүр кылам.

© Фото / Great studioМирниязова: адамдар башына оор күн түшүп, чындап кыйналганда гана ордубуздан козголот экенбиз
Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мирниязова: адамдар башына оор күн түшүп, чындап кыйналганда гана ордубуздан козголот экенбиз

— Кыйынчылыктарды баштан кечиргениңизди айтып калдыңыз, жашоо шартыңар оор беле?

— Мен жаңы турмушка чыккан кезде жолдошум мамлекеттик жумушта айына болгону беш миң сом тапчу. Мен болсо базарда апама жардам берип, болбогон бир сумма алчумун. Биринчи уулубуз төрөлгөндө каражатыбыз эч нерсеге жетпей баштады. Ошондой күндөрдүн биринде бир таанышым конокко чакырды. Түркияда эс алып жаңы эле келишиптир. Балдарынын сүрөттөрүн көрсөтүп, эсте калган жакшы окуяларын айтып берип жатышты. Тамагым буулуп, ичимден аябай жаман болдум. Анткени биз өзүбүз турсун балабызды ойното алчу эмеспиз. Анан дагы алардын үйү кенен, жакшы шарты менен салынган. Балдары чоң, жакшынакай жуунуучу бөлмөсүнө кирип жуунуп жатса биздин үйдөгү эски кафелди, дат баскан ваннаны эстеп жаман болдум. Жаңы жашоо баштап, эч кимден жардам күтпөш керектигин аңдадым. Көрсө, бул окуялар мени ойготуш үчүн коңгуроо болгон экен.

— Ар бир ишти баштаганда өз түйшүгү болот. Сиз да окууну бүтүп эле дароо иштеп кетпесеңиз керек.

— Албетте, курска барып, бирок практикадан жакшы өтө албадым. Тажрыйба топтоюн деп тырмакты бекер жасап берүү үчүн кыздарды издедим. Бактыма жаныбыздагы дүкөндө отурган эже макул болуп калды. Жумушум ага аябай жаккан экен, ыраазы болуп бир баштыкка толтуруп азык-түлүк алып келип берди. Муздаткычым толуп калганын көрүп көзүмө жаш алганым эстен кетпейт. Ошондо жолдошум "үйгө конок келдиби?" деп сураган. Кийин иштесе болоруна ынанып, интернет аркылуу жумуш издедим. Бирок баары эле тажрыйбасы жокторду албайбыз деп коюшту. Эртеси кечке көчө кыдырып, акыры өзүм эле ижарага орун алып иштетсем кандай болот деген ой кетти. Ошентип имарат таап, анын ижара акысын досторумдан карызга алып төлөдүм. Биринчи кардарды тейлөө учурунда аябай коркком. Ал менин титиреп жатканымды байкап, ансайын "колум ооруду, окшошпой жатат, жаңы эле үйрөнүп жатасыңбы" деп оройлонду. Өзүмдү кармай албай ыйлап жиберсем унчукпай калган. Бирок ишимди бүткөндө ал акырын туруп атымды сурап "Екатерина, бул ишти таштаңыз, сиздики эмес экен" деп чыгып кетти. Ошондо ишке болгон каалоом жоголуп, болду, таштайм деп ойлодум. Жолдошума чалып сүйлөй албай ыйлагам.

© Фото / из личного архива Екатерины МирниязовойМирниязова: мен жаңы турмушка чыккан кезде жолдошум мамлекеттик жумушта айына болгону беш миң сом тапчу. Мен болсо базарда апама жардам берип, болбогон бир сумма алчумун
Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мирниязова: мен жаңы турмушка чыккан кезде жолдошум мамлекеттик жумушта айына болгону беш миң сом тапчу. Мен болсо базарда апама жардам берип, болбогон бир сумма алчумун

— Мындай кырдаалдан чыгып, кайра улантып кетүүгө ким дем-күч берди?

— Жолдошум иштегиң келбесе өзүңдү кыйнаба, башка айласын табабыз деди. Ага кошулуп башкалар да мындай нерсе боло берет деп дем-күч беришти. Апама чалсам "алдыңа келген ар бир кыйынчылыкка баш ийип берсең балдарыңа эмнеңди бересиң" деп катуу айтты. Көрсө, ар бир иш сөзсүз коркуу сезими менен башталат экен да. Кийин кардарларыма тайманбай сүйлөп, ишимди жакшы аткара баштадым. Тажрыйбамды сурагандарга "эң башкысы жыйынтык жакшы болсо болду да" деп коюп жаттым. Ошол күнү мен 1200 сом таап, аны он жолу санадым окшойт. Өзүмдү табышкер сезип үйгө такси менен кеткем.

— Жаңы ачылган жерге кардарлардын көнүшү кыйын болот эмеспи. Элди кантип тарттыңыз?

— Кардарларды топтоодо мага "Одноклассники" тармагы чоң жардам берди. Ал убакта Instagram жок эле. Түнү менен бир колума баламды алып, бир колум менен онлайн болуп отурган кыздарга жарнамамды жиберчүмүн. Натыйжада кардарлардын саны көбөйө баштады, жумушчуларды алдым. Кийинчерээк кечинде да иштей баштадык. Анткени жумуштан кеч чыгып жасатам дегендер көп экен. Ушундай жол менен ишим жүрүшүп кетти.

Андан кийин салонду ижарага берген эжеден карызга акча сурап, Астанага барып тырмак жасоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүп келдим. Ал жакта такыр башкача, профессионалдуу жасашат экен. Ошол үйрөнгөн усулдарым менен кардарларымды мага үзгүлтүксүз келе тургандай кылдым. Мунун арты менен күнүнө 100 доллардан таап жаттым.

© Фото / Great studioМирниязова: биринчи кардарды тейлөө учурунда аябай коркком. Ал менин титиреп жатканымды байкап, ансайын "колум ооруду, окшошпой жатат, жаңы эле үйрөнүп жатасыңбы" деп оройлонгон
Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мирниязова: биринчи кардарды тейлөө учурунда аябай коркком. Ал менин титиреп жатканымды байкап, ансайын "колум ооруду, окшошпой жатат, жаңы эле үйрөнүп жатасыңбы" деп оройлонгон

— Өзүңүздүн салонуңузду качан ачтыңыз анан?

— 2014-жылы ачтык. Кардарларымдын аягы үзүлбөй, көбөйгөндөн көбөйө берди. Мындан улам салонду чоңойтууга туура келди. Баары сонун болуп жатса дагы бир жаңы нерсе менен алектенгим келди. Анан Казакстандан чыгып дүйнөгө таанылган "Эми" брендиндеги салондун филиалын Кыргызстанда ачууга аракет кылдым. Компаниянын жетекчисине бир канча жолу кайрылсам да көп акча кетет деп макул болбой койгон. Ачуум менен каалоосу барлар эмес, акчалуулар гана ача алабы деп катуу айтып салгам. Экинчи мага жооп бербейт го деп ойлогом. Бирок аз күндөн кийин кайра өзү байланышып макулдугун берген. Күйөөмдүн машинасын сатып, дагы бир аз акча топтоп, акыры ачтык.

Кийин "Эң мыкты мектеп", "Эң мыкты Instagram алып баруучу" деген сыйлыктарды беришти. Дүйнөнүн төрт бурчунда бренд болуп жаткан компаниянын окутуу мектептеринин ичинен меники эң мыкты деп табылганы, албетте, сыймык. Ошентип алар менен беш жыл иштештим.

© Фото / Great studioМирниязова: 1200 сом тапканда аны он жолу санадым окшойт. Өзүмдү табышкер сезип үйгө такси менен кеткем
Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мирниязова: 1200 сом тапканда аны он жолу санадым окшойт. Өзүмдү табышкер сезип үйгө такси менен кеткем

— Өзүңүздүн автордук сулуулук каражаттарыңыз, онлайн-курстарыңыз да бар экен. Алар тууралуу да айта кетсеңиз.

— Кайнатам өтүп кеткенде аябай катуу стресске кабылдык. Анткени ага биз көп нерселерди сөз берип аткара албай калганбыз. Ошондо бардык иш кечиктирилбей өз убагында жасалышы керектигин түшүндүк. Стресс адамды бир чети күчтөндүрөт дагы экен. Андан кийин өзүмдүн атым жазылган автордук сулуулук каражаттарын чыгара баштадым, курс ачтым. Бул жакта офлайн үйрөтсөм, чет өлкөлүктөргө онлайн-курстарды уюштурдум. Онлайн-курстардан айына 350 миң рублдин тегерегинде, ал эми офлайндан 400 миң рубль табам.

Андан тышкары, мугалимдерди даярдап чыгарчу курстарым бар. Аны Россия, Казакстан, Түркия, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн онлайн окуп, экзаменди Москвага келип тапшырып кетишет. Россияда мастер-класс өтүп, окуучулардан экзамен алганы барып турам. Ал жакта да салон ачууну ниет кылгам. Кыялым орундалып, 20-августта ачтым.

— Эгер сыр болбосо, бир кезде 5000 сомдук маянага жан баккан үй-бүлөнүн азыркы кирешеси канча болуп калды?

— Учурда бир айлык кирешем 600 миң сом. Мындан ары миллион тапкым келет. Москвадагы салонумду ошон үчүн ачтым. Ишкерликтин арты менен эски, араң турган батирибизди таштап, эки кабаттуу чоң үй салдык. Мурдагыдай болбой балдарымдын каалаганын аткара алабыз. Айдаганга автоунаам бар. Буга чейин мени колдогон, жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдирем.

© Фото / Great studioМирниязова: Учурда бир айлык кирешем 600 миң сом. Мындан ары миллион тапкым келет. Москвадагы салонумду ошон үчүн ачтым
Тырмак жасап айына 600 миң сом тапкан Екатерина: кыйналганда бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мирниязова: Учурда бир айлык кирешем 600 миң сом. Мындан ары миллион тапкым келет. Москвадагы салонумду ошон үчүн ачтым

— Негизи башка кесип боюнча да билим алдыңыз беле же дароо эле ушул тармакка келдиңизби?

— Ата-энем ажырашып кеткенден кийин апам мени жалгыз чоңойтуп өстүрдү. 24 саат иштейт болчу. Мага көңүл бурганга убактысы жетпейт эле. Аны көрүп келечекте көп акча таап, балдарыма керек нерсени алып берип жана алар каалаган учурда жанында болгум келчү. Апам мени журналист адистигине окуткусу келген. Бирок тапшырган эмесмин.

—Учурда апаңыз, бир туугандарыңыз эмне менен алектенет?

— Апам да тырмак жасап иштейт. Өзүнүн дайыма келип турчу кардарлары бар. Ал эми иним быйыл жогорку окуу жайга тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0