01:09 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1907 0 0

Буга чейин интернетке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жаратылыш койнунда эс алып жаткан сүрөттөр жарыяланган эле.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин сууда скутер тээп жүргөн сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.

Аны президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы Адинай Марипова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына койду.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алганын анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

"Өлкө башчы ушул дем алышты Ысык-Көлдө өткөрдү. Азыр кайрадан Бишкек шаарына келе жатат", — деди ал.

Буга чейин интернетке алардын жаратылыш койнунда эс алып жаткан сүрөттөрү жарыяланган эле.

Тема боюнча

Жапаров менен Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү: бири сүйлөп, экинчиси берилип угуп...
Белгилер:
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, эс алуу, скутер

ЭҢ МААНИЛҮҮ