Дарыгер кайсы витамин жетишпей турганын кантип билсе болорун айтып берди

© Фото / Pixabay/ MizianitkaВитамины в капсулах
Витамины в капсулах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Негизи витаминдерди комплекстүү кылып баарын ичпестен, организмге жетишпей жаткандарын гана алыш керек.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Адамга кайсы витаминдер жетишпей жаткандыгын кандын анализинен билсе болот. Бул туурасында "Прайм" басылмасына диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Ксения Селезнева айтып берген.

Ал организмдеги витаминдер боюнча жылына бир жолу анализ тапшырып туруу керектигин эскертти.

"Маселен, анализ организм витаминдердин көбү менен камсыз болуп, бирок бир-эки түрү жетишпей турганын көрсөтөт. Демек, дал ушул экөөнү гана ичиш керек. Муну алдын алуу үчүн эмес, дарылануу максатында суткалык нормасынан жогорку көлөмдө алган шарт. Андыктан витаминдерди комплекстүү кылып эмес, дал ошол керектүүсүн гана ичкен туура болот", — деп белгиледи эксперт.

Витаминдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы
"Витаминдер менен микроэлементтердин баарын эле кошулмалардан эмес, рациондон алышыбыз керек. Андыктан эгерде арыктап жаткан болсоңор да тамакты түрлөп ичиш керек. Тамак-аш конкреттүү кайсы бир витамин менен камсыз кылбай калганда гана жыл бою кошумча ичсе болот", — деди ал.

Витаминдин жетишсиздиги сезилбей, тагыраагы, адамда көпкө чейин спецификалык белгилер байкалбай жүрө бериши мүмкүндүгүн айткан дарыгер жылына бир ирет текшерилип турууну эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0