21:15 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
217 0 0

Буга чейин социалдык тармактарда Gelandewagen автоунаасы көл жээгинде жүргөн видео чыккан. Күбөлөр анын сууга чейин кирип кеткенин жазышкан.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жол инспекторлору Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пляжда чаң ызгыткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун тапты.

Буга чейин социалдык тармактарда Gelandewagen автоунаасы көл жээгинде жүргөн видео чыккан. Күбөлөр анын сууга чейин кирип кеткенин жазышкан.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды. Ал Чүй облусунун тургуну экени аныкталган.

  • Автомобиль Gelandewagen, разъезжавший по пляжу Иссык-Куля. 11 июля 2021 года
    Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды
    © Фото / пресс-служба ГУОБДД
  • Автомобиль Gelandewagen, разъезжавший по пляжу Иссык-Куля. 11 июля 2021 года
    Ал Чүй облусунун тургуну экени аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГУОБДД
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГУОБДД
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды

Ага карата Эреже бузуулар кодексинин 124-беренесине ("Автобейбаштык") ылайык протокол түзүлүп, 7500 сомдук айып пулга жыгылды.

Автоунаа менен кол жээкке жакындап барууга тыюу салынгандыктан, бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына дагы маалымат берилди.

Тема боюнча

Ат-Башы акимчилигинен акча талап кылып опузалаган. Алдамчы "чекисттин" сүрөтү
Белгилер:
Ысык-Көл, автоунаа, айдоочу, эреже, айып пул, жол

ЭҢ МААНИЛҮҮ