Прокуратура органынын ардагери Азат Алсеитов дүйнө салды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭстеликтеги гүлдөр. Архив
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Алсеитов прокуратура органында отуз жылдан ашуун ар кандай кызматтарда иштеген. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы үчүн бир топ сыйлыктарга татыган.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов кечээ, 28-июнда, 64 жаш курагында дүйнө салды.
Азат Алсеитов 1957-жылдын 12-апрелинде Нарын шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Оттук орто мектебин бүтүп, эмгек жолун Ат-Башыдагы "Кирсельхозтехника" бирикмесинде жумушчу болуп баштаган.
© Фото / Каниет ЧоноевПрокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов
Ветеран органов прокуратуры Азат Алсеитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов
Ал эми мыйзам талаасындагы ишмердүүлүгүнө 1979-жылы кадам таштаган. Караганда мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине өтүп, 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, укук таануу адистигине ээ болгон. 1987-жылдын октябрь айында прокуратура органдарына кабыл алынып, Фрунзе шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын стажеру болуп кызматын баштаган.
1991-жылдан тарта Ат-Башы, Жумгал райондорунда, Нарын облусунда, Нарын шаарында прокурорлук кызматтарды аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.
Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктарга татыган.
Жаңылыктар түрмөгү
0