1 081 киши COVID жугузуп, 1 054 бейтап оор абалда. Статистика

© REUTERS / MOLLY DARLINGTONЛабораториянын кызматкери COVID-19 алынган үлгүлөрү менен. Архив
Лабораториянын кызматкери COVID-19 алынган үлгүлөрү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта 3 123 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 128 бейтап өтө оор абалда деп айтылды.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө жалпы 1 081 кишиден коронавирус аныкталып, 488 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 640;
  • Ош шаары – 71;
  • Чүй облусу – 99;
  • Ош облусу – 58;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу – 63.
Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 121 946га жетти. Анын ичинен 108 953 киши дартты жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 228;
  • Ош шаары – 74;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ош облусу – 60;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 46;
  • Баткен облусу – 31.
Бир сутка ичинде коронавирус беш адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынан, Ош шаары менен Жалал-Абад облусунан бирден өлүм учуру катталды. Жалпысынан дарттан 1 982 адам көз жумду.
Азыркы тапта 3 123 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 128 бейтап өтө оор абалда деп айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0