22:48 29 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Коом
Кыскача шилтеме алуу
336520

Арсений Котов — Россияда кеңири таанымал блогер. Быйыл ал Кыргызстанды кыдырып чыкты. Sputnik Кыргызстандын окурмандарына Арсений Ала-Тоо койну аны эмнеси менен сыйкырлап суктандырганын, ошондой эле көңүлүнөн түнөк тапкан жана көрүүгө арзый турган кыргыз жерлерин атады.

Арсений Котов советтик архитектураны сүрөткө тартуу менен алектенет. Биз күнүгө көрүп жүргөн имараттар анын сүрөттөрүндө жаңыча түс алат. Ишенбей турасызбы? Анда өзүңүз бир көз жүгүртүңүз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Arseniy Kotov (@northern.friend)

— Пандемия убагында саякаттап, Кыргызстанга да келип кеттиңиз. Эмне үчүн?

— Кыргызстанга үчүнчү ирет келишим. Алгач 2015-жылы күтүүсүз жерден Алматыдан Ысык-Көлгө алпарчу көп киши биле бербеген жол менен киргем. Караколдо бир аз жүрүп, анан Бишкекке сапар тарткам. Аптаптуу ысык эле, ошондуктан калаанын көрүүнү самап жүргөн кооз жайларынын баарын түгөл көрө албай калгам.

Анткен менен Кыргызстанга аябай кызыгып, сөзсүз кайра келем деп узаган элем. Мени советтик архитектура арбап турат, ал эми бул жакта ошол убактан тарта сакталып калган имараттар көп.

Экинчи жолу 2017-жылы келип кеткем. Баса, ошондо силердин басылмаңар мен тууралуу биринчи ирет жазган. Сиздерге да, окурмандарга да борбор шаардын кышкы сүрөттөрү жагыптыр.

Быйыл Бишкек менен Оштон тышкары, мурда көрө элек аймактарды да көрүүнү пландагам. Өлкө аймактарынан сүрөттөр желеде дээрлик жок. Аттанардан мурун Кыргызстанда мени эмне күтөрүн болжогон эмес элем, бирок азыр жөн келбегениме ынанып турам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Arseniy Kotov (@northern.friend)

— Кыдырган жерлериңиздин кайсынысы сизди абдан таасирлентти?

— Бу сапар курдаш кызым Лана Сатор менен келгем. Ал – советтик шаарлардын тарыхынан баян салган белгилүү блогер. Убактыбыздын көбүн совет доорунун ээн калган заводдорун, айталы, туристтик эмес Таш-Көмүр, Айдаркен, Балыкчы жана башка шаарларды кыдырууга жумшадык.

Айрыкча микроэлектроника үчүн кремний өндүрө турган Таш-Көмүрдөгү заводго аябай кызыктым. Анын курулушу жана ишке берилиши 90-жылдарга туш келиптир. Бир нече ай гана иштеген завод менчиктештирилип, андан көп өтпөй токтоп калган экен. Узак убакыт бою өндүрүштү кайра калыптандыруу пландалып, бирок ишке ашкан эмес.

Өз кезегиндеги ири жана уникалдуу завод болуптур, ийгиликтүү ишке киргизилгенде өлкөнүн экономикалык абалы кыйла жакшырмак. Аны бир нече ирет кайра жандандырууга аракет кылышканы менен акырында талкалап бүтүрүшкөн... СССРдеги жүздөгөн ишканалардын тагдыры ушундай.

Российский блогер Арсений Котов на фоне многоквартирных домов
© Фото / Арсений Котов
Арсений Котов — Россияда кеңири таанымал блогер. Быйыл ал Кыргызстанды кыдырып чыкты.

Кыргызстанды кыдырып жүрүп мусулман көрүстөндөрүнүн көркөмдүгүн байкабай калуу мүмкүн эмес. Бишкекте да алардын бирин көрүп чыктым, айрыкча учак формасындагы эстелик эсимде калды. Ал авиакырсыкта набыт болгон учкучтардын элесине тургузулган, менимче, калаба алты кишинин өмүрүн алып кеткен экен.

Оштогу "учактардын бейитине" да кызыктым. Дал аэропорттун жанында 30 жылдан бери учактар турат, бул тууралуу желеде маалымат абдан аз. Бизди Ошто коштоп жүргөн киши ал учактар Советтик Армияга таандык экенин, афган кампаниясынын убагында аскердик жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылганын айтып берди.

— Сиздин блогуңузду окуп, сүрөт тартып, саякаттоо менен гана жан багарыңызды түшүндүм. Кеңсеге байланган киши катары мындай адамдарга суктанбай кое албайм...

— Сүрөт тартуу бош убактымды гана арнаган эрмегим эле. Мурда Самарадагы "Прогресс" заводунда инженер болуп иштегем. Ал ишкана азыркыга дейре "Союз" космостук ракеталарын чогултат. Бул ракеталар менен Эл аралык космостук станцияга космонавттар жана жүк жеткирилет. Тынымсыз жана күжүрмөндүк менен иштеп, бир аз тыйын топтоп саякатка чыга баштагам. Жети жыл болду, менин жашоом жалаң сапар жана сүрөттөрдөн туруп калды.

Мурунку СССРдин курамындагы республикалардын архитектурасына кызыгам. Турак жайларды, заводдорду, монументалдык искусство, шаар кооздугун, айтор, СССРди эске салган бардык нерселерди сүрөткө тартам. Менимче, булар – абдан таасирдүү жана монументалдык курулуштар. Тилекке каршы, аларга өтө эле аз көңүл бурулат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Arseniy Kotov (@northern.friend)

— Советтик архитектураны кооз деп санагандар аз. Албетте, көз талдырган имараттар жок эмес, бирок саналуу гана.

— Сталиндин тушунда 1930-1950-жылдарга карата архитектуралык саясат жүргөн. Ал мамлекеттик монументалдык, көбүнесе ампирге (империялык) түспөлдөшкөн стилдин калыптанышына өбөлгө болгон. Эл арасында ал кооз деп бааланган. Сталин көз жумган соң архитектуралык ашыкчалыктар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Өлкө баарына үй куруп жетише алган эмес. Курулуш тутумун үнөмдөө жана майнаптуулук багытына өзгөртүү зарыл болгон. Ошондуктан партия азыраак чыгым менен көп кабаттуу үйлөрдү көбүрөөк курууну талап кылган.

Ошол кырдаалда архитекторлор чектелип, дээрлик эч нерсе кыла алышкан эмес. Катаал чектөөлөргө карабастан алар жакшы нерселерди жаратышкан. Имараттарды долбоорлоодо өзгөчө формаларды пайдаланышкан. Бетон менен темирден гана курулган. Мындай нерселер менен көп нерсени аткара албайсың, анткен менен дурус эмгектерди калтырып кетишкен.

Девушка спускается в подземный переход в Бишкеке
© Фото / Арсений Котов
Sputnik Кыргызстандын окурмандарына Арсений Ала-Тоо койну аны эмнеси менен сыйкырлап суктандырганын, ошондой эле көңүлүнөн түнөк тапкан жана көрүүгө арзый турган кыргыз жерлерин атады

Мындан сырткары, ошол доордогу имараттарды кооздогон монументалдык искусство аркылуу алар өлкөнүн баалуулуктарын камтый алышкан. Космонавттар жана пробирка көтөргөн окумуштуу... Булардын баары эң белгилүү имараттардын алдыңкы бетине чагылдырылган эмес беле.

Адамдар имараттар аркылуу да баяндап, сыймыктанчу нерселер болгон. Ошондой искусство менен алар тарыхта из калтыра алышкан.

— Бишкек архитектурасы боюнча эмне айтасыз?

— Фрунзе жаңыдан курулуп жаткан убакка кайрылгым келет. Калаа баштан-аяк жаңы курулган. Архитекторлордун чыгармачылыгы үчүн кең мейкиндик болгон, алар андай мүмкүнчүлүктү болушунча пайдаланышкан.

Борбор жана кичирайондор мыкты долбоорлонгон. Калаанын чок ортосунда мрамор ого эле көп, бул абдан кооз. Бакыт өргөөңүздөр эле эмнеге татыйт! Мозаика, витраж, мрамор... Ошол имарат мага таптакыр бөтөнчө туюлат. Тышы да, ичи да мыкты жасалган.

Газетный киоск в городе Бишкек
© Фото / Арсений Котов
Арсений Котов советтик архитектураны сүрөткө тартуу менен алектенет

Азыркы курулушчулардын кылыгы кейитет. Борбордо, ачык айтканда, шаардын көркүн бузган жаңы курулуштар жайнайт. Андай имараттарды куруу принциби жөпжөнөкөй: бош тилкеде көп кабат үй курулат, кымбатка сатылат. Бул канчалык кирешелүү экенин туюп, кынык алып алган ишканалар толтура. Шаардын бийиктен көрүнүшүнө көз салгылачы, эми жакшырып кетпейт.

Анткен менен мындай көрүнүш Бишкекте гана деп ойлоп калбаңыздар. Бул — мурдагы СССРдин көпчүлүк шаарларына таандык жалпы жагдай.

— Мурунку союздук өлкөлөрдү көп кыдырып жүрөсүз, республикалардын борбор шаарларында кандай окшош көйгөй бар?

— Негизги маселелердин бири — даректүү курулуш, шаар куруу саясатынын жоктугу, жолдогу дайымкы тыгын, коомдук транспорт тутумунун бузулушу. Ушундай көйгөйлөр Бишкекте да байкалат.

Российский блогер Арсений Котов во время еды
© Фото / Арсений Котов
Котов: Кыргызстанга үчүнчү ирет келишим. Алгач 2015-жылы күтүүсүз жерден Алматыдан Ысык-Көлгө алпарчу көп киши биле бербеген жол менен киргем

Шаар дээрлик керээли-кечке тыгында турат, бир жакка жетиш кыйын. Бишкек маршруткаларындагы жол кире алгач келген убагымдагы бойдон экен. Сөздүн ачыгы, маршруткалардын өздөрү деле өзгөрбөптүр. Тилекке каршы, бул туруктуулуктун көрсөткүчү эмес. Кеп бийликтин коомдук транспорт маселесин чечүүгө ниеттенбегенинде. Себеби эски маршруткаларды жаңы автобустарга алмаштырууга көп күч зарыл, жол кире кымбатыраак болот. Жергиликтүү тургундар бул аракеттерге ырахмат айтат дейсиздерби? Тескерисинче, мындай кадамдар калаа жетекчилеринин беделин төмөндөтөт. Адамдын табияты ушул, ыңгайлуу шарттарды арзан алгысы келет.

— Чет өлкөлүктөргө узата турган соболдорубуздун классикалык тизмеги бар. Кыргызстанда көңүлүңүздү эмне ээледи?

— Тоолор. Өлкөнүн кайсы бурчунда болбоюн, ээн калган кыштак же жаңы кичирайонду карабайын, тоолор чар тараптан курчап, кооздукту дагы арттырат.

Жергиликтүү ашкана абдан бай, эң жаккан кыргыз даамы — шорпо. Булардан сырткары да сиздерде табигый байлыктар бар, европалык туристтер жактыра турган өзгөчөлүктөр арбын. Дегеним, советтик маданияттын эстеликтери. Капиталисттик өлкөлөрдө өскөн адамдар үчүн СССР байыркы цивилизация сымал сезилет.

Пустой зал цирка в Бишкеке
© Фото / Арсений Котов
Котов: быйыл Бишкек менен Оштон тышкары, мурда көрө элек аймактарды да көрүүнү пландагам. Өлкө аймактарынан сүрөттөр желеде дээрлик жок

Менин бир таанышым мурдагы СССРдин маданий жайлары боюнча чет өлкөлүктөр үчүн туристтик долбоор баштаганы турат. Сентябрда Армения жана Грузияга турларды мен өткөрөм. Балким болочокто Кыргызстан боюнча да тур уюштуруп калгыбыз бардыр.

— Пандемия маалында саякаттоо кымбатка түшөт бекен?

— Мындай кезде саякатка чыгуу кымбат, болжоп болгус жана толкундантат экен. Кыргызстанга келерден мурун эмделдим. Бирок жаңы өлкөгө чыгарда ПЦР-анализ тапшыруу зарыл, ал эми бул – кошумча чыгым.

Баса, Бишкекке болгону 3 миң сомго учуп келдим! Жаңы ишкана бир тарапка абдан төмөн баа менен каттам ачкан экен. Россияга кайтуу андай оңой болгон жок, Бишкек — Москва каттамы абдан кымбат болгондуктан, айланып кайтууга туура келди. Ошондуктан Стамбулга чейин учак менен жетип алып, Түркиядан Минскиге учтум. Ошол жактан Россияга поездге отурдум. Эки өлкө аркылуу учуу Бишкек — Москва каттамынын акысына караганда бир топ арзан түштү.

Балконы многоквартирного дома в Бишкеке
© Фото / Арсений Котов
Котов: Кыргызстанды кыдырып жүрүп мусулман көрүстөндөрүнүн көркөмдүгүн байкабай калуу мүмкүн эмес

Пандемияга дейре сонун убак болчу, автостоп менен (жол тосуп) саякаттаар элем. Башта учакка акчамдын жоктугунан, ал эми кийин мындай саякат алда канча ыңгайлуу жана кызыктуу экенин түшүндүм. Азыр каражатым болгону менен анча алыс эмес жерлерге баары бир учактын ордуна жол тосуп барам.

— Баарын таштап, өмүрүн бүт хобби жана саякатка багыштагысы келген адамдарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Менимче, кандай туура болорун чечүү үчүн ар бир адамдын акылы өзүндө. Бир нече жыл мурун жактырган эрмегиң кандайдыр бир киреше алып келерин ойлогон да эмесмин. Анткен менен бүгүн сүрөт тартуу менен акча табам, кагазга чыгарылган эмгектеримди Стокгольмдогу галерея аркылуу дүйнө жүзүнө сатам. Жалаң сүрөттөрдөн турган китеп чыгардым, тиражы дээрлик 8 000 экземплярга чукулдады. Блогдон да, албетте, каражат табууга болот, бирок жарнаманы көп жактыра бербейм.

  • Пожилая женщина на улице на фоне горы Сулайман-Тоо в Оше
    Котов: Оштогу "учактардын бейитине" да кызыктым. Дал аэропорттун жанында 30 жылдан бери учактар турат, бул тууралуу желеде маалымат абдан аз
    © Фото / Арсений Котов
  • Женщины на улице на фоне иллюстрации олимпийского мишки в Оше
    Котов: турак жайларды, заводдорду, монументалдык искусство, шаар кооздугун, айтор, СССРди эске салган бардык нерселерди сүрөткө тартам
    © Фото / Арсений Котов
1 / 2
© Фото / Арсений Котов
Котов: Оштогу "учактардын бейитине" да кызыктым. Дал аэропорттун жанында 30 жылдан бери учактар турат, бул тууралуу желеде маалымат абдан аз

10 миң рубль табам деп аброюма шек келтирип, блог окурмандарыма шектүү товар же кызматтарды сунуштагым жок. Жаңыдан чыйыр сала баштаган чыгармачыл адамдар акчанын аркасынан эмес, сүйүктүү ишин аткарууга аракеттенип, анын өтөсүнө чыгууга тырышканы оң.

Тема боюнча

Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги
Кыргызстан жашоого ыңгайлуу өлкө. Афганистандык Зарифанын баяны
Белгилер:
саякат, сүрөт, блогер, Кыргызстан, табият, тоо, Бишкек, архитектура, имарат, кооздук

ЭҢ МААНИЛҮҮ