Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматтан кетип, жаңысы шайланды

© Фото / пресс-служба ДУМК КРАалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев. Архив
Аалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү арызы каралды.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Ага ылайык, бүгүн, 27-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган. Натыйжада көпчүлүк добуш менен ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.
© Фото / пресс-служба ДУМКАбдиманап кары Масалиев
Назначенный председателем Совета Улемов мусульман КР Абдиманап кары Масалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдиманап кары Масалиев
Аалымдар кеңешинин жаңы төрагасы 1965-жылы Баткен шаарында туулган. Бишкектеги борбордук мечитинин башкы имамы, Уламалар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын казысы болгон. 2007-жылдан бери борбордогу "Тунгуч" мечитинде имам хатиб болуп келген.
Муфтият ал эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга куран окууну жана ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң экенин белгиледи.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0