Айт намаздын программасы жана санитардык талаптар. Муфтияттын билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековМечитте намаз окуп жаткан адамдар. Архив
Мечитте намаз окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Муфтият айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүүнү сунуштады. Ошондой эле ооруп жаткандарды үйдө болуусун өтүндү.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Орозо айт намазы 13-май күнү эртең менен Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Муфтият санитардык талаптарды бекем сактоону эскертип, айт намазынын программасын жарыялады.
  • 07:00-07:15 — Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:15 — Айт намаз.
Айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу керек:
  • Бет кап тагынуу;
  • Ар бир адам жайнамазын ала келиши керек;
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталышы кажет;
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
  • Дааратты үйдөн алуу;
  • Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле койгону туура;
  • Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0