Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүБаткендеги чек ара чырынан качкындар
Баткендеги чек ара чырынан качкындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Кармышаковдун айтымында, өкмөт 2010-жылкы окуялардан кийин түзүлгөн комиссиянын кетирген каталарын эске алды.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына коомчулуктун, жергиликтүү бийлик башкармалыгынын өкүлдөрү жана компетенттүү адамдар кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Министр чек арада жабыркаган жарандарга берилчү компенсация боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган брифингде маалымат берди.
Анын айтымына караганда, өкмөт 2010-жылдагы окуялардан кийин кеткен катачылыктарды эске алган.
"Биз мурдагы комиссиянын катачылыктарын талкуулап, кетирилген мүчүлүштүктөрдү эске алдык. Мен бул жолку компенсация адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө 100 пайыз кепилдик берем. Биздин колубузда чек ара чырында жабыркагандардын жана каза болгондордун толук тизмеси бар", — деди Кармышаков.
Головной суу бөлүштүрүү жайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды
Министрдин маалыматы боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 адам жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган. Ал ошондой эле жапа чеккендерди дарылоого бардык шарт түзүлгөнүн жана керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0