07:27 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
193 0 0

Кыргызстандыктар экинчи жолу жаздагы жылдыз учкан көрүнүшкө күбө боло алышат. Бул ирет аба ырайы да тоскоолдук жаратпайт.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. 5-майдан 7-майга чейин эта-Аквариддер (Май Аквариддери) метеордук агымынын активдүүлүгү туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

19-апрелде жанданган агымдын активдүүлүгү 29-майга чейин уланат. Эл аралык метеорологиялык станциянын божомолуна ылайык, саатына 50 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Бул көрүнүшкө түн ортосунан кийин (2:00дөн 4:00гө чейинки убакта) байкоо салуу сунушталууда.

Жабыла учкан топ жылдызды көрүү үчүн аба ырайы ыңгайлуу болот. Эртеси күнү өлкөнүн түштүк аймактарындагы айрым райондордо жаан жаашы мүмкүн. Ал эми 7-майда республиканын дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт.

Тема боюнча

Жаан жаайбы? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
Белгилер:
Кыргызстан, топ жылдыз, метеорит

ЭҢ МААНИЛҮҮ