00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айзаданын өлүмүнө себепкер деген кишинин дайын-дареги айтылды

© AFP / MOHAMMED ABEDКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Шектүүнүн инисинин айтымында, ал буга чейин башка өлкөнүн жаранына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон. Милиция бул маалыматтар дагы такталарын белгиледи.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында Айзаданын өлүмүнө себепкер деген Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
Айтбаев шектүү тууралуу маалыматтар анын инисинен алынганын белгиледи.
"Замирбектин инисинин айтымында, ал буга чейин Россияда иштеп жүрүп каракчылык үчүн соттолуп чыккан. Башка өлкөнүн жаранына үйлөнүп, эки балалуу болуптур. Бирок бул маалыматтар дагы такталат. Шектүү 2017-жылы Кыргызстанга келип, таксист болуп иштеп баштаган. Башында батирлерде жашап жүрүп, кийин акыркы эки-үч айдан бери автоунаада түнөп, ошол жакта эле жашап калганын айтышты", — деди милициянын өкүлү.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.
Митинга по сохранению ледников у здания ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмү. Соцтармактагылар ИИМге каршы митингге чыгууга үндөп жатат
Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0