Бишкекте эки бейтап көз жумуп, жалпы 71 адам оору жуктурду. Статистика

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Учурда стационарда 550 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен төртөөнүн абалы канааттандырарлык, 401и орточо, 122си оор жана 23ү өтө оор абалда.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту бир суткада 71 киши жуктурду, 53 адам сакайып чыкса, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Коронавирустун жаңы катталган учурлары:
  • Бишкек — 53;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 1.
Пандемиядан бери расмий түрдө 88 163 адамдан оору чыкты.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
  • Бишкек — 31;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 5.
Жалпы 84 653 адам айыкты.
Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкекте эки киши көз жумду. Коронавирус 1 497 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 550 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен төртөөнүн абалы канааттандырарлык, 401и орточо, 122си оор жана 23ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 515 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0