03:36 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
176 0 0

Жумгал районунун акими Ферганадагы кесиптеши менен жолуккан. Тараптар бир нече маселе боюнча макулдашкан.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жумгалда ферганалыктардын жардамы менен көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май өндүрүп чыгаруу аракеттери көрүлмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Теплицы в Джумгальском районе Нарынской области
    Эскерте кетсек, өткөн аптада өкмөттүн өкүлү баштаган "Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги жана ар тармакта иш алып барган ишкерлерден турган расмий топ Өзбекстандын Фергана облусунда болуп кайтышты
    © Sputnik
  • Первый заместитель акима Джумгальского района Бакыт Жээналиев в ходе визита акима Ташлакского района РУз Абдукахором Джурабаевым.
    Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Жээналиев аталган сапардын алкагында Өзбекстандын Ташлак районунун акими Абдукаххор Джурабаев менен макулдашууга кол койгон
    © Sputnik
1 / 2
© Sputnik
Эскерте кетсек, өткөн аптада өкмөттүн өкүлү баштаган "Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги жана ар тармакта иш алып барган ишкерлерден турган расмий топ Өзбекстандын Фергана облусунда болуп кайтышты

Эскерте кетсек, өткөн аптада өкмөттүн өкүлү баштаган "Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги жана ар тармакта иш алып барган ишкерлерден турган расмий топ Өзбекстандын Фергана облусунда болуп кайтышты.

Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Жээналиев аталган сапардын алкагында Өзбекстандын Ташлак районунун акими Абдукаххор Джурабаев менен макулдашууга кол койгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Фергана Жумгал районуна 100 гектар аянтка алча, беш гектарга лимон багын өстүрүүгө, "Нарзан" суусун иштетип экспорттоого, 300 орундан кем эмес тигүү фабрикасын курууга, малды семиртип, этти экспорттоого колдоо көрсөтөрү белгилүү болгон.

Мындан сырткары, көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү, майлоочу май өндүрүп чыгаруу боюнча да сунуштар айтылган.

"Инвесторлорго шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрү каралып, сүйлөшүлгөн пландарды ишке ашыруу аракеттери көрүлмөкчү", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, Олтиарыктагы айнек заводго Кочкордон ак таштын сырьёсун экспорттоо макулдашылган.

Тема боюнча

УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти
Белгилер:
Фергана өрөөнү, Жумгал, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ