БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.
27-февраль күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
“Күлүйпа апабыз кыргыз мамлекеттүүлүгү жарала электе, башкача айтканда, элибиз автономия тууралуу оозанмак түгүл кыялданганга шаасы жетпей турган, Үркүндөн кийинки оор замандарда Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Кара-Жыгач деген конушунда 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. Замандын талабын туйган элеттик кыз эл жүгүн аркалоого эртелей аттаныптыр. Сабатсыздыктын арааны күч ошол мезгилде кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, тайманбастан Пишпекке окууга келет. Бул да эрдикке тете иш эле. Он сегиз жашында педагогикалык окуу жайын аяктагандан тартып кылымдар тогошкончо, XXI кылымдын башына чейин, тагыраак айтканда, сексен жаштан өткөнчө жалаң мамлекеттик, өкмөттүк жана коомдук иштерди аркалады”, — деди Жапаров.
Ал Кондучалованын кызматтык жолуна да кыскача токтолгон.
“Жакшылап баам салсак, кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа энебиздин тушунда арбын жасалды. Четинен эле санап, мисал кыла кетейин. Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат.
Президент дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу экенин кошумчалаган.