07:58 19 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Кыргыз маданиятынын тарыхында эбегейсиз чоң иштерди аткарып, бирок орус улутундагы киши болгонуна карабай "кыргыз улутчулу" деген жарлык менен куугунтукталган Константин Кузьмич Юдахиндин эмгеги жыл өткөн сайын бийиктен көрүнүүгө тийиш.

Мындай дегенибиздин жөнү бар. Ал инсан биздин бир нече муунга, келечек урпактарга да тоодой эмгек кылган.

Константин Юдахин тууралуу анын 130 жылдыгына карата Леонид Иванович Сумароков, Ольга Леонидовна Сумарокова жазган "К.К.Юдахин. Объединяя Центральную Азию словом" деген китептин бет ачары 12-декабрь күнү өтүп, окумуштуунун урпактары Татьяна Георгиевна Юдахина жана Ольга Юдахина сөз сүйлөдү.

Биз бүгүн түрколог, ошол түркологиянын лексикография, диалектология, салыштырма тил таануу тармактарында үзүрлүү эмгектенген, улуттук кадрларды даярдоого чоң салым кошкон Константин Кузьмич Юдахин тууралуу 10 факты сунуштайбыз.

Оренбургда дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Константин Кузьмич 1890-жылы 31-майда Падышалык Россиянын Оренбург (Орунбоор) губерниясынын Орск шаарында туулган. Ал жерди казактар Жаманкалаа деп аташкан. Атасы дыйкан болуп, турмушу оор болгон, дурусураак жашоо жайын издеп Олуя-Атага (кийинки Жамбыл, азыркы Тараз) көчүп келишет да, ошол жерден казак-кыргыз балдары менен чогуу окуп, башталгыч билим алат, андан соң эки жылдык курсту да бүтүрөт.

Алгачкы мугалимдик жана тилмечтик жылдары. 1906-жылы Ташкен шаарындагы Түркстан мугалимдер семинарийине кирип, анын тиешелүү курсун 1910-жылы бүтүрөт. Андан соң Чымкен уездине (азыркы Казакстандын Түркстан шаары тарабындагы Сайрам району) караштуу Манкен деген жеринде, дагы ошого жакын эски шаардын урандысы сакталган Кара-Булак деген айылда мугалимдик кылып, казак балдарынын сабатын ачууга салымын кошот. Дал ушул жерде казак тилин, ал тилдин говорлорун изилдөө ишине да киришет. 1915-жылы Россиянын Кашкардагы консулдугуна котормочу катары жиберилип, ал жерде беш жылдай иштейт. Кытайдын Чыгыш Түркстан же Шыңжан (Синьцзян) аймагына барып иштөө менен бирге уйгур тилин, адабиятын, тарыхын, этнографиясын үйрөнөт.

Кайрадан Ташкенде. Турмушту жана түрк тилдерин үйрөнгөн отуздардагы жигит Ташкенге келип, 1920-жылы Түркстан чыгыш институтуна (САГУ — Орто Азия мамлекеттик университети) окууга өтүп, анын түрк жана иран филологиясы факультетин 1925-жылы бүтүрүп чыгат. Бул окуу жайы ошол мезгилде Орто Азия жана Казакстан жаштарынын билим алышына, саясий аң-сезиминин калыптанышына, илим жолуна түшүүсүнө эбегейсиз чоң таасир эткен. Мыкты окуган бүтүрүүчүнү Ленинградга окууга жиберишет.

Ленинград — Чыгыш таануунун борбору. 1925-1944-жылдарда Енукидзе атындагы Ленинград чыгыш институтунда, Ленинград университетинде, Москва чыгыш таануу институтунда окуган жана кийин окуусун бүтүп сабак берип иштеген. Илимий жетекчи жана окутуучу катары Константин Кузьмичтин бактысына Сергей Ефимович Малов туш келет. Ал Ленинград (Петроград) университетинде декан, профессор болуп иштеп өзбек, ойрот тилдеринен дарс окуган, кыргыз, сарт, салар, уйгур тилдерин жакшы билген, Орхон-Енисей, Талас таш эстеликтериндеги жазуулар боюнча таанымал адис болгон. Окуган жери советтик илимге чыгыш таануучуларды даярдап берген. Евгений Поливанов, Александр Самойлович, Василий Бартольд сыяктуу чыгыш таануучулар болочоктогу түркологдун калыптануусуна чоң таасирин тийгизген. 1932-1944-жылдарда Москвадагы Чыгыш институтунда уйгур тили кафедрасын жетектеген.

Советтик түркологиянын башатында турганда. Юдахин 1929-жылдан тартып 1934-жылга дейре СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Орто Азия бөлүмүн жетектөө милдетин да аркалаган. Жаңы түрк алфавитин түзүү боюнча борбордук комитетте эмгектенген. Ушул эле учурда сабак да берип келген. Дал ушул жылдары аймактагы түрк элдеринин тилин изилдөө гана эмес, алфавиттерин түзүү, илимий жактан орфографиясын тактоо, басма сөздөрдүн тилин калыптоо ж.б. милдеттер турган. 1927-жылы анын Кара-Булак говорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу китеби, "Орусча-өзбекче сөздүгү" чыгат. 1928-жылы "Уйгурча-орусча сөздүгү", 1929-жылы чагатай тилинин тыбыштык түзүлүшү тууралуу эмгеги жарык көрөт. Ал лексикограф гана эмес, терминолог, диалектолог да эле.

Кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгү. Анын эң чоң эмгеги ушул сөздүктөрү. Материалдарды 1925-жылдан эле жыйнай баштаган. "Кыргызча-орусча сөздүгү" 1940-жылы чыккан, анан 1965-жылы кайра кошумчаланып жарыяланган. Ал эми "Орусча-кыргызча сөздүгү" 1944-жылы, кийин 1959-жылы кошумчаланып басылган. Бул сөздүктөр эгемендүүлүк алгандан кийин да бир нече жолу жарык көргөн, толукталган, интернетке да киргизилген. СССРде котормо сөздүктөрдү түзүүнүн эталону катары ушул сөздүк каралган, Стамбулда "Турецко-кыргызско-русский словарь" деген ат менен чыгып, аны түркиялык окумуштуулар да кеңири пайдаланган. Сөздүктүн биринчи басылышына 25 миң, экинчи басылышына 40 миң сөз киргизилген. Лексикограф ошол сөздөрдү эл арасынан жыйнаган, жүздөгөн айылдарда болуп, миңдеген адамдардын кебин тыңдаган, миңдеген китептерди окуп чыгып, сөз издеген, сөз маанисин табуу үчүн энциклопедисттик билим топтогон. Сөздүк иштерине Кусейин Карасаев, Жапар Шүкүров ж.б. тилчилер жардам берген. Анын "Кыргызча-орусча сөздүгүнө" 1967-жылы илим жагынан СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бул сыйлыкты ушундай котормо сөздүгүнө ыйгаруу мурда-кийин учурабаган. Кыргыздар башкаларга салыштырмалуу орус тилин канчалык жакшы билсе, биринчи кезекте Константин Кузьмичке милдеткер.

Докторлугун жактабай туруп профессор болгон устат. Адатта профессорлук наам докторлук диссертациясын коргогондон кийин берилет, ал эми Константин Кузьмич 1940-жылы эле профессорлук наамга жетишип, 1949-жылы филология илимдеринин доктору даражасына ээ болгон. 1952-жылы Өзбек ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик) болуп шайланган. Эки республиканын илим тармагынан мындай чоң наамга жетишүү да сейрек көрүнүш. Бир суткада 16-18 саат иштеген күндөрү көп болгон. Ал 1944-жылдан СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият, тарых институтунда илимий кызматкер, сектор башчы болуп Фрунзе шаарына ишке келди, көп жыл Кыз-келиндер педагогика институтунда сабак берип жүрдү. 1955-жылдан өмүр соңуна чейин (1975) Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз тили кафедрасында профессор катары миңдеген кадрларды даярдады. Шакирттери үлкөн илимпозго айланышты. Алар Кусейин Карасаев, Болот Мураталиев, Жапар Шүкүров, Игорь Батманов, Бүбүйна Орозбаева, Абдыгул Жапаров, Сарыбай Кудайбердиев, Лютфулла Жусупакматов, Дөөлөтшаа Исаев ж.б. көрүнүктүү тилчилер. Ошондой эле ал таланттуу манасчы Саякбай Каралаевди өтө сыйлаган.  Москвага барганда СССР Жазуучулар үйүндө жолугушуу уюштуруп, окумуштуулар, жазуучулар менен тааныштырган, эпостон үзүндү айттырган, эмгектерине өтө көп мисалдарды "Манас" дастанынан тапкан. Өмүр соңунда өзү иштеген университетке алты миң китептен турган библиотекасын өткөрүп берип, бул кишинин атында бөлмө-окуу залы ачылган.

Жазуучу Мурза Гапаровдун эскерүүсү. "Константин Кузьмич менин окутуучум, менин профессорум болчу... Кыргыз диалектологиясы боюнча окутчу. Ажайып адам эле, ажайып окумуштуу болчу. Гуманитармын дегендердин баары эле а кишини жакшы көрчү, көпчүлүгү ошо кишиден окушкан. Бүт өмүрүн, бүт ишмердигин Кыргызстанга байлады да. Өмүрүнүн аягына, б.а., көрүстөнгө кеткенге чейин Кыргызстанда жашап, кыргыз тилине, илимине, дегеле элине чоң эмгек сиңирди. ...Сөздүктөр эле эмне деген кенч. Сенин эле эмес, ар бир билимдүү кишинин, акын, жазуучу же аалымдардын үстөлдөн түшпөгөн китеби болуш керек. Бул котормо сөздүк эмес, түшүндүрмө сөздүк. Далдын, Ожеговдун сөздүктөрү сыяктуу эле. Ой-бой, анын ичине кирсең, окуп отурсаң, кыргыздын канчалаган макал-ылакаптары, салт-санаасы, этика, эстетика, тарыхын билип чыгасың. Биз өзүбүз билбеген сөздөрдү ушу киши бизге эскертип, мынабу сенин сөзүң, мааниси мындай деп, кыргыздын кулагына куюп атпайбы. Ушунусуна эле алтындан эстелик орнотсок болмок. ...А кишинин жетекчилигинде дипломдук иш жазгам. Түштүк диалекти боюнча. Өзү кулакка куюп турчу, аны кош, муну киргиз деп. Түштүктүн түмөн, бай сөздөрү кыргыз адабий тилине кириш керек дечү. Түштүктүн баласы экен деп мени өзүнө алып алган да. Кийин ойлосом, Кузьмич мени окумуштуу кылам, тилчи кылам деген экен. А менин жазуучу болом деген гана жалгыз максатым бар болчу..." (Мурза Гапаров).

Орус киши "кыргыз улутчулу". Константин Кузьмичти Кыргызстан Борбордук комитети "улутчул" деп чыгарган, себеби ал эмгектеринде кыргыздардын салт-санаасын, улуттук маданиятын прогрессивдүү көрүнүш катары баалап жазып жатпайбы. Ошол кезде куугунтукталып, Фергана педагогикалык институтуна барып иштеп турган.

Коомдук иштери жана туугандары. 1952-жылы Өзбек ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын анык мүчөсү, 1961-жылдан Эл аралык Алтай коомунун академиги, 1967-жылдан бир чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, бир нече жыл Кыргыз ССР агартуу министрлигинин коллегиясынын мүчөсү жана окуу-методикалык советинин кыргыз тил жана адабият комиссиясынын төрагасы катары коомдук иштерди аркалаган. Анын эстелиги 2001-жылы 24-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бир имаратынын алдына орнотулган. Бир тууганы Петр Юдахин 1925-1927-жылдарда Кыргыз агартуу институтунун (педтехникум) биринчи директору болгон, көптөгөн чыгармаларга каарман катары кирип, адабиятчы, жазуучулардын биринчи муунун тарбиялап чыгууга чоң көмөк кылган эле.

Тилчи 1975-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында каза болгон.

Тема боюнча

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон Константин Юдахин тууралуу китеп чыкты
Белгилер:
окумуштуулар, сөздүк, илимпоз, Константин Юдахин, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ