БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "Ала-Тоо" аянтындагы митингде сүйлөп жатып милицияны эл менен болууга чакырды.
"Азыр бул жерде, сиздердин артыңыздарда, милиция кызматкерлери турат. Бир аздан кийин митингге чыккандарды кууйбуз деп дайынданып жатышат. Мен милиционерлерге кайрылат элем, эл менен болгула!" — деди Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Буга чейин ал жерде "Мекен ынтымагы", "Ыйман нуру", "Чоң казат" сыяктуу партиялар нааразычылык акциясына чыккан эле. Кийин аларга "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү келип кошулду.
Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.
Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун Бишкектеги митинги. Онлайн-репортаж
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.