"Түндүк электр" дебат учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганына түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРК телеканалдын логотиби. Архив
КТРК телеканалдын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жарыктын өчүрүлүшү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Жыйынтыгына жараша тиешелүү чара көрүлмөкчү.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы саясий партиялардын шайлоого карата дебаты учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганына түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-сентябрда, кечки саат 21.48ден 21.56га чейин (8 мүнөткө) КТРКнын административдик мекемесинде жарык берүү үзгүлтүккө учураган.

"Саат 21:36да "Новозападная" кабелдик линиясындагы 35 киловаттык "Жер" деген секциядагы коргонуу линиясы өзүнөн өзү иштеп кеткен. Анын натыйжасында "Новозападная – Сельмаш-1" кабелдик линиясы жабыркаган. "Түндүк электрдин" кызматкерлери ыкчам түрдө "Жерди" таап, башка линияга которуп, көйгөйдү чечишти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарыктын өчүп калышынын себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0