Оорукананын жетекчилери Тез жардамдын талаптарын аткарууга тийиш. Жаңы алгоритм

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение 3 машин скорой помощи для сотрудников города Ош
Вручение 3 машин скорой помощи для сотрудников города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, премьер-министр жаңы салынып, оңдоп-түзөлүп жаткан ооруканалардын курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Республикалык штабдын жыйынында бейтаптарга ыкчам жардам көрсөтүү борборунун мындан аркы иши талкууланды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов борбордун жумушун жакшыртып, күчтөнтүү зарылдыгын белгилеген.

"Эгерде тез жардам көрсөтө турган дарыгер бейтапты ооруканага жаткырууну чечсе, диспетчер онлайн түрүндө орундарды карап, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери Тез жардамда иштеген дарыгерлердин талаптарын токтоосуз аткарууга тийиш. Оорукана, медициналык борбор, клиникалардын жетекчилерин чогултуп, бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырам. Жакындары оорулуу менен шаар аралап, ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алууну өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши керек. Силердин алдыңарда бейтаптын өмүрүн сактап калуу милдети турушу шарт. Учурда өлкөгө жаңы тез жардам унаалары алып келинүүдө, бирок адистер жетишсиз болуп жатат. Дарыгер-фельдшерлердин маселеси ыкчам түрдө чечилиши кажет", — деди Боронов.

Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алууну жүргүзүү канчалык маанилүү экендигин кошумчалады.

Өкмөт ар бир облуска убадалаган компьютердик томографияны сатып ала элек

"Ар бир медицина мекемесинин маалыматтар базасы тынбай иш алып барышы керек. Бул коронавирус менен күрөшүүдө гана эмес, санариптик программа алкагында да маанилүү. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде кайсы ооруканада бош орундар бар экенин көзөмөлдөп турат", — деди өкмөт башчы.

Мындан сырткары, ал жаңы салынып, оңдоп-түзөлүп жаткан ооруканалардын курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0