Кызым менен өгөй атасынын урушу беймаза кылчу болду. Аялдын каты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи насилия над детьми в КР
Случаи насилия над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошу менен өткөөл курактагы өспүрүм кызынын ортосундагы мамилени жөнгө салуу жолун издеген аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы, мен сиздер аркылуу психологдон кеңеш алгым келет. Кеп мындай. Мурдагы күйөөм жол кырсыгынан каза болуп калган. Ал кезде кызым үч жашта болчу. Кийин ал эс тартып 1-класска кирген мезгилде кайрадан турмушка чыккам. Азыр экинчи никемден үч балам бар. Чоңураактары башталгыч класстарда окуйт жана эң кичүүсү бала бакчага барчу. Азыр карантин болгондуктан үйдө.

Балдар психологу: апасынын таяк жегенин көрүп өскөн кыз атасындай күйөөгө жолугат

Улуу кызым азыр 9-класста. Өткөөл курак болуп мүнөзү кадимкидей өзгөрдү. Бирок акыл-эстүү, тартиптүү. Болгону азыркы атасы менен мамилеси келишпей, акыркы кезде үйдө уруш көбөйгөнү мени беймаза кылчу болду. Жолдошум да жини келип, аны катуу урушуп коюп жатат.

Келишпестик күйөөмдүн мага жасаган мамилесинен келип чыгууда. Мисалы, ал мени урушуп же сөксө кызым ошого ачууланат. Мурда "апа, эмнеге сизди урушат, сөгөт. Жакшы кийинтпейт" деп айта берчү. Азыр мага болушуп жолдошум менен ачык эле урушуп кетүүдө, экөө тиреше да баштады. Күйөөмө кичинекей кызга теңелбей өткөөл курагын түшүнүп коюушун сурасам "мен аны багып жатам, мага сөз кайрыбасын" деген кеп уктум.

Кайненем көңүлдөшүн мага шылтап... Күйөөсүнүн ишениминен чыккан келиндин каты

Кызыма да акыл айтсам, "сизди менин көзүмчө тилдебесин" деген шарт койду. Бала немеге катуу айткандан да корком. Жүрөгүм да чыдабайт. Анын үстүнө өз атасы жок болсо, мен да урушсам бир нерсе болуп кетеби деп чочулайм.

Кандай айла кылсам болот?

Психолог, Саадат Сыдыкова

Кызыңыз 9-класста окуйт экен. Бул жаштарда балдар өткөөл куракты баштан кечирет. Башкача айтканда, организмде гормоналдык өзгөрүү жүрөт. Гормондорго жараша адамдын маанайынын өзгөрүшү табигый көрүнүш. Кызыңыз сизге өзүнүн каалоосун, көз карашын айтып, жеткиргиси келип жатат. Ал бала болсо дагы өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин унутпайлы.

Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи

Кыз атасынан энесине сый мамиле жасоону талап кылып, сизге  жасалган жаман мамилени көрүүнү каалабай турганын айткысы келип жатат. Негизинен кызыңыз эмнени каалап турганын өзү жакшы билет. Бул жерден мен эч кандай өөн учураган артыкбаш нерсе көргөн жокмун.

Тескерисинче, жолдошуңузга суроом бар. Анткени кыздын апасына үйлөнгөндөн кийин түздөн-түз атанын да милдетин аткарышы керек. Ал муну сизге баш кошуп жатканда эле билген да. Ошондуктан кызга аны багып-чоңойтуп жатканын айтып, колко кылбай эле койгону туура.

Күйөөмдүн "сүйүктүүсү" тынчтык бербей... Жолдошу баркына жетпеген келиндин каты

Түшүнөм, сиз мындай кырдаалда кызыңыз менен жолдошуңуздун ортосунда чайналып калып жатасыз. Силер ата-эне катары бири-бириңерге туура, конструктивдүү мамиле кылганды үйрөнмөйүнчө мындай көрүнүш улана берет. Кыз мамилеси менен анын көзүнчө апасын урушпоо керектигин түшүндүрүүдө. Негизги аял-күйөөсү катары жолдошуңуз менен бирге психологго да кайрылган оң болор эле. Себеби ортодо туура пикир алышуу, байланыш жок экен. Ал эми кызыңыз өз талаптарын, көз карашын билдире баштаса, андан чочулаштын кереги жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0