Вирус боюнча тараган жалган маалымат менен күрөшөлү. ДССУ жана БУУнун чакырыгы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКишилер медициналык бет капчан көчөдө күтүп турушат. Архив
Кишилер медициналык бет капчан көчөдө күтүп турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ башчысы дезинформация маанилүү чечимдерди кабыл алууда тоскоолдук жаратарын айтып, аны менен күрөшүү үчүн бирдиктүү аракеттерди жасап, далилденген кеңештерди жайылтуу керектигин билдирген.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мамлекеттерди коронавирус пандемиясына байланыштуу тараган жалган маалыматтар менен күрөшүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Кечээ, шаршемби күнү, БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында вебинар өткөрүлүп, ага бир катар эл аралык уюмдар катышкан.

"Вирус дүйнө жүзүнө жайылгандан бери социалдык тармактарда такталбаган, ал тургай кооптуу билдирүүлөр тарады. Элдин башын айландырып, дүрбөлөңгө салып, туура жолдон адаштырган дагы учурлар жок эмес. Биздин уюмдун "Тастыкталган" аталышындагы демилгеси дезинформация менен күрөшөт. Бул жаатта медиа-өнөктөштөр, социалдык тармактар жана белгилүү адамдар жардам берүүдө", — деген вебинарда сөз сүйлөгөн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш.

ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты

ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус туура эмес маалыматтар адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирип, ошондой эле илимге, саламаттык сактоо системасына жана мекемелерине болгон ишенимге доо кетирерин айткан.

"Өтө көп киши калпка ишенип алып ооруканага барбай, өз алдынча дарыланып отуруп ууланып, ден соолугун талкалады. Дагы башкалар ооруну алдын алып же сакаюунун ордуна кол куушуруп отурушту. Ошондой эле каралоо күч алып медиктерге, аялуу топторго, качкындарга зомбулук күчөдү", — деген Гебрейесус.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

ДССУ башчысы дезинформация маанилүү чечимдерди кабыл алууда тоскоолдук жаратарын айтып, аны менен күрөшүү үчүн бирдиктүү аракеттерди жасап, далилденген кеңештерди жайылтуу керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0