38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги

© Фото / Акылбек НурдиновӨзгөн районунун тургуну, 66 жаштагы Абдымиталип Калдыбаев
Өзгөн районунун тургуну, 66 жаштагы Абдымиталип Калдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кырсыктары — айттырбай келген апаат. Кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекер айтылбаса керек. Жер көчкү, сел, жер титирөө өңдүү табигый кырсыктар канча деген адамдын өмүрүн алды.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2020-жылдын жети айынын ичинде Кыргызстанда үч жер көчкү катталган. Бирок калк жашаган аймакка залалы тийген эмес, мындан улам бирөө жарым өлгөн учур жок.

Ошентсе да Кыргызстанда, өзгөчө түштүк тарапта жер көчүү кооптуулугу күч аймактар бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга байкоо салып, кырсыктын алдын алуу үчүн эскертүү берип турат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы табигый кырсыктар тууралуу кенен материал даярдап жатып, жер көчкүгө күбө болгон Өзгөн районунун тургуну, 66 жаштагы Абдымиталип Калдыбаев аксакал менен чакан маек даярдады.

— Окуяга кандайча күбө болуп калдыңыз эле?

— Азыр сөз кыла турчу кырсык Өзгөн районунун Курбу-Таш айылында 2017-жылдын апрель айында болгон. Апрель айынан май айына чейин 25 күн көчкү акырын жылып отурган. Биздин айылда 65 түтүн бар эле, эч кимисинин турак жайы соо калган жок. Адам өмүрүн алып кетпегенине шүгүр. Көчкү бүтүндөй бир айылды басып калган.

© Фото / Акылбек НурдиновАбдымиталип Калдыбаев: 2000-жылы Сөгөт айылында жаратылыш кырсыгы катталып, 38 адам жер алдында калып каза болгон
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Абдымиталип Калдыбаев: 2000-жылы Сөгөт айылында жаратылыш кырсыгы катталып, 38 адам жер алдында калып каза болгон

— Ошондой чоң көчкүдөн кантип аман калдыңыздар?

— Жер көчкү башталгандан эле абай салып турдук. Бул боюнча бийлик да кабардар эле. Ошол мезгилде өкмөт тарабынан камкордук көрүлүп, айыл тургундарын коопсуз жерге чатыр тигип көчүрүп кетти. Бирок үйлөрдү бузуу тууралуу буйрук берилген жок. Анткени мүмкүн токтоп калар деген үмүт болгон. Тилекке каршы, кырсык жакындап отуруп, жыйынтыгында аябай чоң көчкү жүрдү. Негизинен башында мал-жандын баарын басып калат го деген коркунуч болгон, бирок мал-жанга зыян келген жок. Натыйжада айылдагы бир да үй соо калбады, баары көчкү астында калды. Көчкү сүрүлүп жай келди, аркасынан улам жер көчүп келе берип бийиктиги 50-60 метрге чейин көтөрүлүп барып анан басып калды.

Коктулардан түшкөн сел оргуштап Арсланбап айылын каптады. Видео

Негизинен айылды басып калган көчкүнүн бийиктиги 100 метрден ашып кетти. ӨКМ 18 миллион метр кубдан ашыгыраак деп эсептеп жатат. Мындай чоң көчкүлөр Кыргызстанда буга чейин такыр болгон эмес экен. Көчкү айылды акырындан басып келе жатканын карап обочодо турдук.

— Колуңуз тийген, балдарыңыз чоңойгон ата конуш, там-таштын көчкү алдында калганына күбө болуу оор болсо керек?

— Албетте, жөн эле карап тура албайт экенсиң. Баарыбыз аябай кыжалат болдук. Ичим ачышты. Карап турсам, алгач кошунанын тамын басып, андан жылып отуруп менин үйүмдү көмүп келе жатты. Оңой болгон жок. Ошого чейин 25 күн токтоп калар деген үмүт менен үйлөрүбүздү бузбай отурганбыз. Кол барбайт экен. Айылдагылардын эч кимиси тамын буза алган жок.

— Жаңы конушка жайланышуу кыйын болгон жокпу?

— Мурунку айылыбыз абдан эле өнүгүп калган. Баарыбыз турмушубузду ордуна коюп, алды кабаттуу үйлөрдү курушкан. Мунун баары жер алдында калды. Жаңы айылыбызга отурукташууда жер маселесин чечүү боюнча азыркы Ынтымак, мурунку Жаман-Адыр деген жерди ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Ага айыл аксакалдары да макул болуп, ошол жерге көчүп барганбыз. Алгач жашоого эч кандай шарты жок жер болчу. Кийин мамлекет тарабынан суу чыгарылып, чатырларга дароо электр жарыгы тартылып берилди. Кышка чейин үй салып кирүүгө туура келди. Төрт айдын ичинде турак жайларыбызды куруп алдык. Азыр 65 түтүндүн баары үйлөрүн салып, жайланышып бүтүп калды. Элден айланса болот. Эл-журт көп жардам берди. Кыргыз кыйынчылыкта таштап кетпейт экен.

Кара-Кече кенинде топурак, ташы аралашып жер көчтү. Видео

© Фото / Акылбек НурдиновАбдымиталип Калдыбаев: апрелден май айына чейин 25 күн көчкү акырын жылып отурган
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Абдымиталип Калдыбаев: апрелден май айына чейин 25 күн көчкү акырын жылып отурган

— Ал жерде көчкү катталган эмес да, ээ?

— Жок, бул жерде жок. Мурунку айылыбыздан үч-төрт чакырым нары жакта мурда деле аз-аздан көчкү жүрүп, анан токтоп калчу. Ошол кыштакты басып калганда айылдан жети чакырым алысыраак жактан жүрдү. Арты бийиктеген сайын ал улам топуракты бери карай түртүп жүрүп отурган. Мурда 200 метр бийиктиктеги Курбу-Таш айылынын жарымын көмүп калган. Азыр ошол айылды коруктап, бак-дарак тигип, сактап калуу аракетин кылып жатышат.

— Буга чейин табигый кырсыктарына күбө болдуңуз беле?

— 2000-жылы Сөгөт айылында жаратылыш кырсыгы катталып, 38 адам жер алдында калып каза болгон. Бүтүндөй үй-бүлөсү менен кеткендер болду. Жакын айыл болгондуктан бардыгы тааныштарым эле. Ал жерге да барганбыз. Кийин кырсыктан аман калгандарды башка айылга отурукташтырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0