РФ, КР жана Арменияга COVID менен оорубагандар үчүн чек араны ачуу сунушталды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда маалымат базасын түзүү зарылдыгы келип чыгары айтылууда.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстан, Россия жана Армения Санариптик демилгелер фондунун коронавирус менен оорубаган жарандар үчүн чек араларды ачуу боюнча пилоттук долбоорун караштырып жатат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) башкаруучулугунун төрага орун басары Тигран Саркисян билдирди.

Ал Sputnik маалымат агенттигинде өткөн "Коронавирус көйгөйүн чечүү боюнча Евразия өнүктүрүү банкынын коронавирусу" деп аталган видео көпүрөнүн алкагында сүйлөгөн.

Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды

Саркисяндын айтымында, фонд инфекция жуктурбаган адамдардын эркин жылып жүрүүсүнө байланышкан өзүнүн жеке санариптик демилгесин иштеп чыккан.

© © SputnikЕвразия өнүктүрүү банкы башкаруучулугунун төрага орун басары Тигран Саркисян
РФ, КР жана Арменияга COVID менен оорубагандар үчүн чек араны ачуу сунушталды - Sputnik Кыргызстан
Евразия өнүктүрүү банкы башкаруучулугунун төрага орун басары Тигран Саркисян
"Азыр биз өзүбүздүн демилгебизди биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен кылдат талкуулап жатабыз. Россия, Кыргызстан жана Армения менен пилоттук долбоорду ишке ашырууну сунуштадык. Долбоор COVID-19 илдетине чалдыкпаган адамдар үчүн чек араларды ачуу максатын көздөйт", — деди ал.

Аны ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда маалымат базасын түзүү зарылдыгы келип чыгат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-июнунда Евразия өнүктүрүү банкында Санариптик демилгелер фонду түзүлгөн. Анын негизги максаты — мүчө мамлекеттерге санарип трансформациянын инструменттерин түзүүгө жардам берүү.

Фонддун биринчи демилгеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча мыкты интеграциялык санарип чечимдердин конкурсу болду. Бир тараптан мындай долбоор Евразия экономикалык союзу мамлекеттеринин бизнес чөйрөсүн колдойт, экинчиден, пандемияга каршы күрөшүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга өбөлгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0