Гриппке каршы эмдөө жүрөт: вакцина кайдан келип, кимге сайылат. 11 суроого жооп

© AFP 2023 / CHANDAN KHANNAОоруканада эмдөө учурунда
Ооруканада эмдөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айынын аягынан тарта калктын тобокелдик тобуна кирген жарандарга курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга каршы вакцина сайыла башайт.

Пандемия шартында быйыл гриппке каршы вакцинага эл арасында кызыгуу көп. Качан башталып, кайсы жакка кайрылса болот, баасы канча экенин билгиси келгендер четтен чыгат.

Мындан улам Sputnik редакциясы Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаевага бир катар суроолорду берип, жооп алды.

Вакцинанын максаты

Жыл сайын күз, кыш айларында күч алган курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен сасык тумоону алдын алуу. Оорунун жеңил формада өтүшүнө шарт түзүү.

Быйыл КРге канча вакцина келет?

Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги азырынча 135 миң доза вакцинага заказ берген. Бирок тобокелдик тобуна кирген жарандардын саны бери дегенде 700 миңди түзгөндүктөн, кошумча препарат сатып алуу маселеси өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Өкмөт сатып алган вакциналар кимге арналган

Бул вакциналар толугу менен акысыз түрдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга сайылат. Мисалы, өнөкөт оорусу барлар, бат-баттан ооруй бергендер, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү бөбөктөр, кары-картаңдар жана медиктер. Эгер кошумча вакцина келип, тобокелдик тобунан ашып калса, калкты тейлөө тармагындагы милиция, мугалим, айдоочу, почта кызматкерлери сыяктуу адистерге сайылат.

COVID-19га каршы вакцинаны алууга кантип даярдануу керектиги айтылды

Башка жарандар вакцинаны кантип алса болот?

Өз каалоосу менен алгысы келген жарандар үчүн Бишкекте атайын уруксаты бар жеке клиникалар вакциналарды алып келип сайышат. Жыл сайын мындай кызматтарды "Малыш", "Кроха", "Гиппократ", "Поликлиника 312", "Доктор.kg" клиникалары жана №6, №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда көрсөтүшөт.

Баасы кандай?

Жыл сайын 500-650 сомдун тегерегинде жасалып келет. Быйылкы наркы аныктала элек.

Кайсы мамлекеттин вакцинасын колдонобуз?

Акыркы жылдары тендерди россиялык компания утуп алууда.

Вакцина алууга кантип даярдануу керек?

КРВИ же сасык тумоо менен ооруп, дене табы көтөрүлүп тургандарга препарат сайылбайт. Мындан тышкары, дарыгер бейтап акыркы 3-4 күндө ооруган киши менен байланышта болгон-болбогонун билүүсү зарыл. Ошондой эле аллергиясы бар адамдар дарыгер менен кеңешип, чечим кабыл алат.

Сентябрдын аягында Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө башталат

Канча жаштан баштап вакцина алууга болот?

Алты айдан жогору.

Вакцина адамды канча убакыт вирустан коргой алат?

Алты ай препарат күчүн сактап, андан кийин алсырай баштайт.

Вакцина алган айрым адамдар баары бир ооруганын айтышат. Себеби эмнеде?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жыл сайын быйыл кайсы вирус көп болорун аныктап, вакцинага дал ошолордун штаммын киргизүү боюнча жолдомо берет. Ошентип вакцинанын курамына штаммы кирген вирус адамга жукпайт. Ошол эле учурда адам башка вирустук оорулар менен ооруп калышы мүмкүн. Бирок оору жеңил формада өтөт.

Грипптин вакцинасы коронавирус жуккан учурда ооруну жеңилдете алабы?

Россиялык окумуштуулар грипп менен COVID-19 адамга бир учурда жугуп калышы мүмкүн экенин айтууда. Албетте, мындай учурда вакцина грипптин жүрүшүн жеңилдетет, бул нерсе организмге бир топ жардам болот. Бирок коронавирус боюнча жеңилдик болор-болбосу азырынча изилдене элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0