00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Киши келбей калган. Бишкекте дагы үч стационар жабылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке
Президент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ордо калаада күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан бери 90 миңден ашуун киши медиктердин жардамын алган. Соңку кезде оорулуулардын саны кескин азайды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте коронавируска жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды тейлеген дагы үч стационар жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, оорудан айыккандардын саны улам азайып, айрым стационарларда бейтап аз болсо, кээ бирөөнө такыр киши келбей калган.

Маселен, кечээ күндүзгү стационарлар ушул убакка чейин эң аз деп эсептелген 733 бейтапты кабыл алган, ал эми 9-августтан 10-августка караган түнү 42 киши баш баккан. Соңку убакта каза болгондор жок.

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

Мындан улам чыгым менен адам ресурстарын үнөмдөө үчүн кишилер аз келген стационарлар убактылуу жабылган. Тагыраагы, Аламүдүн-1 кичи районундагы №38 мектептеги күндүзгү стационар жана "Консул" рестораны менен "ДСК" спорт залындагы түнкү стационарлар ишин жыйынтыктады.

"Бардык медициналык жабдыктар, койка жана оокаттар кылдаттык менен сакталып, имараттардын ичи-тышы дезинфекцияланды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 12-кичи райондогу муниципалитеттин карамагында турган наабайкана күнү-түнү иштегенге өткөн. Ошондой эле калган стационарлар штаттык режимде иштеп жатканы, кайрылгандарга карап байкоо жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Ордо калаада күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан бери 90 миңден ашуун киши медиктердин жардамын алган. Тилекке каршы, 14 киши көз жумду.

Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар

Эске сала кетсек, буга чейин мэрия жети стационардын ишин токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0