https://sputnik.kg/20200803/kyrgyzstanga-ehl-aralyk-aba-kattamdary-avgust-1049206516.html
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
Sputnik Кыргызстан
Курманбек Акышевдин айтымында, август айында дагы чартердик каттамдар аткарыла турса, сентябрь айынан тарта туруктуу каттамдар ишке кирет деген ишеним бар. 03.08.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-08-03T14:23+0600
2020-08-03T14:23+0600
2021-12-16T22:25+0600
https://sputnik.kg/img/102632/06/1026320647_0:399:3936:2624_1920x0_80_0_0_af1215bb7cda7d294e2400637df8a6e5.jpg
түркия
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102632/06/1026320647_0:149:3936:2624_1920x0_80_0_0_d874cf892a81cddee045b550d4a76a0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, түркия, казакстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , россия
жаңылыктар, коом, кыргызстан, түркия, казакстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , россия
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
14:23 03.08.2020 (Жаңыртылды: 22:25 16.12.2021) Курманбек Акышевдин айтымында, август айында дагы чартердик каттамдар аткарыла турса, сентябрь айынан тарта туруктуу каттамдар ишке кирет деген ишеним бар.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанга туруктуу аба каттамдарын жаңыртууга Россия, Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмирлиги даяр эмес. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов жакында Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен каттам ачыла турганын айткан.
"Республикалык штабдын тапшырмасы менен биз төрт мамлекетке 1-августтан тарта каттамдарды жаңылоо сунушу менен кайрылганбыз. Россия эпидемиологиялык абалга байланыштуу 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап чыгууну убадалады. Казакстанда абал биздегидей эле болгондуктан, алар макулдугун бере элек. Түркия Кыргызстана учууга даяр, бирок ал үчүн биз коңшу өлкөлөр менен чек арабызды ачуубуз зарыл", — деди Акышев.
Россия эл аралык аба каттамын жандантты
Анын айтымында, август айында дагы чартердик каттамдар аткарыла турса, сентябрь айынан тарта туруктуу каттамдар ишке кирет деген ишеним бар.