00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

COVID-19дан жаңы сакайган киши кандай тамак жеш керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТамак аш. Архив
Тамак аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдеттен айыккан адам тез калыбына келүү үчүн туура тамактануусу зарыл. Ошондой эле көбүрөөк уктап, жылуу кийинип жүргөнү жакшы.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавируска кабылгандар сакайгандан кийин ден соолугун кантип калыбына келтириши керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, оорунун орточо жана өтө оор формаларынан сакайган адамдарга калыбына келүүгө бир топ убакыт талап кылынат. Бул аралыкта алар алсырап, демигип бат чарчайт. Ошондой эле киши мурда кылып жүргөн нерселерди жасай албай, тез эле чаалыгып калат.

Бул күндөрү адам тамак-ашына өзгөчө көңүл буруусу керек. Мисалы, белок жана витаминдерге бай азыктар организмди тез арада калыбына келтирет.

Инфекционист: вирус менен алгач организм күрөшөт, 5 күн дары ичпеш керек

"Айран жана дүкөндүн кефири ичеги-карындын ишин жакшыртат. Майы жок уй эти менен канаттуу этин кайнатып жеш керек. С витаминине бай лимон, болгар калемпири, карагат, шпинат, петрушка өтө пайдалуу. Суусундуктан жалбыз, ит мурун, шалфей кошулган чай, компот жана морсторду ичүү керек", — деди Алтымышева.

Ал эми куурулган, ышталган, өткүр даамдуу тамактардан убактылуу алыс болгон туура. Туз, кант жана ачуу калемпирден дагы баш тартуу керек. Мындан тышкары, коронавирустан жаңы сакайган адамга чылым, ичимдик жана газдалган таттуу суусундуктар эки эсе зыян алып келери кошумчаланды.

Ошондой эле адис сегиз сааттан кем эмес уктоону жана мурдагыдай эле бардык санитардык нормаларды карманууну сунуштайт.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Баса, вирустан кийин адам чыйрыкпоого, суук тийгизип албоого аракет кылышы керек.

COVID-19дан кийинки ар бир органдын иши, иммунитет жана спорт менен алектенүүнүн жол-жобосу тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан даярдаган макаладан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0