COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп

© AFP / ERNESTO BENAVIDESСитуация в Лиме из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Лиме из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустук инфекцияны жеңгенден кийин ден соолукту кантип чыңдоо керек? Эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат? Дасыккан дарыгер COVID-19 менен ооруп айыккандарга маанилүү сунуштарын берди.

Өлкөдө COVID-19 илдетинен сакайгандардын саны да күн санап өсүүдө. Алардын айрымдары айыкканы менен дале дарттын жагымсыз белгилери тарабай жатканын айтышууда.

Коронавирус инфекциясын жеңгендер ден соолугун кантип калыбына келтирүүгө тийиш экенин медициналык илимдердин доктору, профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова айтып берди.

Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу

Дартты жеңген кыргызстандыктар кандай абалда болуп жатышат?

Көпчүлүгү өздөрүн дале начар сезишкенин айтышууда. Күч келтирсе чарчап, деми кыстыгып, тер басып, бир аз эти ысып калып жатканын белгилешет. Айрымдардын уйкусу бузулуп, психоэмоционалдык абалына даттанышат. Бул белгилер үч айга чейин же андан да узакка созулушу ыктымал. Мында адам өзүн карап, организмди толук калыптандыруу керек. 

CC0 / Pixabay / Jan VašekОоруп айыккандар күч келтирсе чарчап, деми кыстыгып, тер басып, бир аз эти ысып калып жатканын айтышууда. Бул белгилер үч айга чейин же андан да узакка созулушу ыктымал
COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп - Sputnik Кыргызстан
Ооруп айыккандар күч келтирсе чарчап, деми кыстыгып, тер басып, бир аз эти ысып калып жатканын айтышууда. Бул белгилер үч айга чейин же андан да узакка созулушу ыктымал

Ооруп айыккандар калыбына келиши үчүн эмне кылышы шарт?

Бардык органдарды калыптандырууга туура келет, ошондуктан системалуу түрдө кароо зарыл.

Өпкө. Бул органды калыбына келтирүүдө эң башкысы — бул дем алуу гимнастикасы. Аны күн сайын жасап, ооруканадан чыгарылганда да таштап койбоо керек. Мындай көнүгүүлөр өпкөгө гана эмес, башка органдарга да пайдалуу. Дем алуу гимнастикасын акырындап көбөйтүп турган оң.

Инфекционист: вирус менен алгач организм күрөшөт, 5 күн дары ичпеш керек

Кандай көнүгүүлөрдү жасоо зарыл?

Оозду жаап дем алуу (дем алууга тоскоолдук жаратуу менен). Бул жөнөкөй, ошол эле учурда натыйжалуу көнүгүү. Газ алмашууну жөнгө салууга көмөкчү болот. Өйдө туруп да, отуруп алып да жасоого болот. Мурун менен кере дем алган соң абаны кайра ооз аркылуу жай, 4-6 секундда чыгаруу зарыл.

Диафрагма менен дем алуу. Чалкасынан жатып алып жасалат. 1, 2, 3 дегенде ичти бекем тартып, анан демди оозду көп ачпастан тереңден, жай чыгарыңыз.

Төрт дегенде болушунча ичти керип дем алыңыз. Анан дароо ичтин булчуңдарын кысып, оозду ачпай (ичтен) жөтөлүңүз. Бул техниканы өздөштүрүп алган соң туруп, отуруп, алтургай, чуркап же басып жүргөн абалда да жасай бериңиз.

Көкүрөктүн арты менен оозду жаап дем алуу. Бул үчүн өйдө туруп, буттарыңызды далыга туштап, колдоруңузду эки жакка кересиз. Алакандарды маңдай жакка каратыңыз. Бир дегенде терең дем алып, өзүңүздү кучактаңыз. Бир нече секундга демди катып, эки дегенде үйлөп чыгарыңыз. Кайра баштагы калыпка кайтыңыз.

Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

Көкүрөктүн алдыңкы тарабы менен оозду жаап дем алуу. Мурдагы көнүгүүдөгү баштапкы абалда бир дегенде терең дем алып, аны менен катар эле колдоруңузду болушунча артка кериңиз. Демди бир нече секундга ичке катып, эки дегенде акырын үйлөп чыгарып, баштапкы калыбыңызга келиңиз.

Мындай көнүгүүлөрдү күнүнө 10-15 мүнөтчө үч жолудан кем эмес жасоо керек.

Эске түйчү маанилүү адаттар:

  • Көкүрөктүн кыймылын кыспагандай кийинүү керек;
  • Дем алуу көнүгүүлөрүн тамак ичерден туура эки саат мурун жасаңыз;
  • Дем алуу жай, эркин болушу зарыл;
  • Дем алуу дененин кыймылына туура келиши кажет. Мисалы, дем алганда колдоруңузду жогору көтөрүп, бойду түздөп, колду эки тарапка керип, көкүрөктү кеңейтип, кайра ал ичти карай тартылганда колдорду ылдый түшүрүп, денени эркин таштай демди жай чыгарыңыз.

Көнүгүүлөрдү жатып же өйдө туруп жасоого аракет кылыңыз, отуруп жасагандан көрө бул натыйжалуу болот.

Кыргызстандыктардын көбү пульсоксиметр сатып алышты. Бул жабдыктын сакайгандан кийин да пайдасы тиет. Бейтаптарга дем алуу органдарынын калыптанышына байкоо салууга көмөкчү болот. 

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨпкөнү калыбына келтирүүдө эң башкысы — бул дем алуу гимнастикасы. Аны күн сайын жасап, ооруканадан чыгарылганда да таштап койбоо керек
COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп - Sputnik Кыргызстан
Өпкөнү калыбына келтирүүдө эң башкысы — бул дем алуу гимнастикасы. Аны күн сайын жасап, ооруканадан чыгарылганда да таштап койбоо керек

Чалгыла, сурагыла. Дасыккан пульмонологдор онлайн-кеңеш берет. Телефондору

Жүрөк-кан тамыр системасы. Эгер бейтаптын бул жагынан да оор дарты болсо, маселен, миокард инфарктына кабылган же мээнин кан айлануусу бузулган болсо, анда антикоагулянт ичүүнү улантуу сунушталат. Стационарларда булар ийне аркылуу сайылса, үйдө аларды таблетка түрүндө ичүүгө болот.

Айрым бейтаптар кан басымы же жүрөк тушунда ыңгайсыздыкты айтып жатышат. Мындайда сөзсүз текшерүүдөн өтүп (ЭКГ жасатып, керек учурда ЭХО КГ, ультра үндүү изилдөө) жасатуу менен адиске кайрылуу абзел. Зарылдыгы болсо, ал жүрөк-кан тамыр системасын калыбына келтирүү үчүн дары жазышы мүмкүн.

Ичеги-карын. Коронавирустан дарылоодо бейтаптарга көп дары берилет, анын ичинде антибиотиктер да бар. Албетте, дары ичкен соң кайра ичегилерди калыбына келтирүү талап кылынат. Пробиотик да (үч-төрт апта) ичүүгө туура келиши мүмкүн.

Туура тамактанууга сөзсүз көңүл буруу керек. Башында жеңил аш кыла турган, майлуу эмес, куурулбаган тамактарды ичүү маанилүү. Айрым учурда врачтар ферменттерди кабыл алууга кеңеш бериши да ыктымал.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Тамактанууну өзгөртүү зарылбы?

Аз-аздан, бирок тез-тез тамактануу керек, бул организмге тамакты оңой сиңирүүгө жардам берет.

Коронавируста адатта ичеги инфекцияларындагыдай диета кармоо керектиги айтылбайт. Бирок ошентсе да рационго өзгөчө көңүл буруу зарыл, ошону менен катар акырындап аны кеңейтүү керек.

Боор жана уйку без. Өлкөбүздө семиздиктен азап тарткандар да көп, бул биринчи кезекте боордун стеатозунун (май басышы) өрчүшүнө себеп болот. Ушул фактор да COVID-19 менен ооруп айыккандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү үчүн абдан маанилүү, ошондуктан тийиштүү анализдерди тапшырган оң.

Мурда кант диабетинен жабыркабаган бейтаптардын да коронавируска кабылганда канда канттын деңгээли убактылуу жогорулайт. Мындай учурда углевод жана майлуу тамакты чектөө менен организмге жеңилдик кылуу зарыл. Анализ тапшырып, көрсөткүчтөрдүн калыбына келишине тыкыр көз салуу абзел.

Бөйрөк. Ооруканаларда бейтаптарга күнүнө 2-2,5 литр суу ичүү сунушталат. Үйгө чыгып келгенден кийин да бул режимди улантуу керек. Жайкысын ансыз да кан катат.

Нерв системасы. Адатта бул көңүлдөн тыш калат, бирок калыбына келтирүүгө туура келет. Коронавирус менен ооруп айыккан бейтаптардын көпчүлүгү башта диагнозун укканда депрессия жана стресске кабылат. Сакайгандан кийин да адамды коркунуч басат, кайра жуктуруп албаймынбы, мунун баары канчага созулат деп дагы көп нерсеге санааркайт. 

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОоруканаларда бейтаптарга күнүнө 2-2,5 литр суу ичүү сунушталат. Үйгө чыгып келгенден кийин да бул режимди улантуу керек. Жайкысын ансыз да кан катат
COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп - Sputnik Кыргызстан
Ооруканаларда бейтаптарга күнүнө 2-2,5 литр суу ичүү сунушталат. Үйгө чыгып келгенден кийин да бул режимди улантуу керек. Жайкысын ансыз да кан катат

Министрлик: ар ким жиберген маалыматка ишенип, дарылана бербегиле. Сүрөт

Бул кээде уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Эгер өзүңүз муну жеңе албай турганыңызды туйсаңыз, психотерапевтке кайрылыңыз. Нерв системасынын оор сезгенишинде невропатологдун консультациясы талап кылынат, ал зарыл көрсө дары жазып берет. Айтмакчы, дем алуу көнүгүүлөрү да илдеттин көп кесепетин, анын ичинде нерв системасынын жана уйку көйгөйүн да жоюуга жардам берет.

Спорт менен машыгып, күч келтирген көнүгүүлөрдү жасоого болобу?

Жаңыдан айыкканда дароо күч келтиргенге болбойт, анткени организм илдеттен кийин калыбына келип жаткан убагы. Машыгуу керек, бирок сөзсүз түрдө ченеми менен жасоо зарыл. Адатка айланган көнүгүүлөрдү аткаруу, таңда чуркоого кайтууга болот. Бирок ал үчүн күчтөнүп, чарчоодон толук кутулуш керек. Акырындан, мисалы, кыска аралыкка басуу менен баштаган дурус. Күч келтирүүнү адам абалына жана организминин мүмкүнчүлүгүнө жараша акырындык менен гана көбөйтүп отурууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0