Бишкектеги ооруканалар боюнча бирдиктүү система ишке кирди

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЭлектронная система данных по столичным больницам
Электронная система данных по столичным больницам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Системаны Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети иштеп чыккан. Анын жардамы менен оорукана, күндүзгү жана түнкү стационарлар, алардын жабдыктары, иштеген медицина кызматкерлери боюнча маалыматтарды алууга мүмкүн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети COVID-19дан жабыркаган бейтаптарга жардам көргөзгөн оорукана, стационарлардын маалыматы менен санариптештирилген картаны иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын иштөөсү менен вице-премьер-министрлер Алмазбек Баатырбеков жана Аида Исмаилова таанышты.

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРеспубликалык штабдын тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети COVID-19дан жабыркаган бейтаптарга жардам көргөзгөн оорукана, стационарлардын маалыматы менен санариптештирилген картаны иштеп чыкты.
Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети COVID-19дан жабыркаган бейтаптарга жардам көргөзгөн оорукана, стационарлардын маалыматы менен санариптештирилген картаны иштеп чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети COVID-19дан жабыркаган бейтаптарга жардам көргөзгөн оорукана, стационарлардын маалыматы менен санариптештирилген картаны иштеп чыкты.
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАнын иштөөсү менен вице-премьер-министрлер Алмазбек Баатырбеков жана Аида Исмаилова таанышты.
Анын иштөөсү менен вице-премьер-министрлер Алмазбек Баатырбеков жана Аида Исмаилова таанышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын иштөөсү менен вице-премьер-министрлер Алмазбек Баатырбеков жана Аида Исмаилова таанышты.
1/2
Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети COVID-19дан жабыркаган бейтаптарга жардам көргөзгөн оорукана, стационарлардын маалыматы менен санариптештирилген картаны иштеп чыкты.
2/2
Анын иштөөсү менен вице-премьер-министрлер Алмазбек Баатырбеков жана Аида Исмаилова таанышты.

Андан сырткары, пилоттук режимде медициналык мекемелердин бош орундарды мониторинг кылган электрондук система ишке кирди. Анын жардамы менен ооруканалар жана Тез жардам кызматынын ортосундагы ишти жакшыртууну камсыздай тургандыгын өкмөттөн билдиришти.

"Электрондук системаны пайдалануу медициналык жардамга муктаж болгон жарандарга өз убагында кол сунууга жардам берет. Ушул системанын аркысы менен 103 жана 118 кызматтары бош орундарды ыкчам бөлүштүрөт. Муну менен биз көп адамды аман сактап калууга мүмкүнчүлүк алабыз", — деди  Баатырбеков.

Өкмөт стационарларга тажрыйбалуу медиктерди тартуу ишин күчөтөт

Ошондой эле ал системанын жардамы менен оорукана, күндүзгү жана түнкү стационарлар, алардын жабдыктары, иштеген медицина кызматкерлери боюнча маалыматтарды да алууга мүмкүн. Бирдиктүү системаны ыкчам мониторинг кылуу үчүн бир уюлдук оператор медициналык жайларга бекер смартфон берген.

"Маалыматтардын бирдиктүү системасы адистердин онлайн-режимде абалды тез анализдөөсүнө шарт түзүп, ыкчам чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет", — деп баса белгиледи биринчи вице-премьер.

Экинчи толкунга даярданыш керек. Адистер Жээнбековго бир нече сунуш айтты

Жарандар керектүү маалыматтарды map.covid.kg шилтемеси аркылуу ала алат.

"Санариптештирилген карта кыска убакыт ичинде иштелип чыккандыктан колдонууда айрым мүчүлүштүктөр байкалышы мүмкүн. Иш үстүндө IT-адистер аларды жоюуга аракет кылат жана ага түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0