Кыргызстанда дагы 439 адам COVID жуктуруп алды

© AFP / WIN MCNAMEEКоронавируска тапшырган кан үлгүсү. Архив
Коронавируска тапшырган кан үлгүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө кычкылтек концентратору жетиштүү экенин айтып, дары тартыштыгы да бүгүн-эртең жоюларын айткан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүн 439 кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 172;
  • Чүй облусу - 70;
  • Ош шаары - 53;
  • Ош облусу - 30;
  • Жалал-Абад облусу - 32;
  • Баткен облусу - 66;
  • Ысык-Көл облусу - 14;
  • Нарын облусу - 1;
  • Талас облусу - 1.

Коронавирустан бир күндө 11 кыргызстандык кайтыш болду. Бирөө медик

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 977ге жетти. Азыркы тапта стационарда 645 бейтап дарыланып жатат, анын 18и реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандардын саны - 5 858. Ал эми 1 654 адам толук айыгып үй карантинден чыгарылды. Ооруканадан 3 660 адам чыкса, тилекке каршы, 160 киши каза болуп калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0