Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды. Карантиндик чектөөлөрдүн тизмеси

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВременные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса
Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку эпидемиологиялык кырдаалды эске алып облус жетекчилиги бир катар карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эртеңден тарта Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Соңку эпидемиологиялык кырдаалды эске алып облус жетекчилиги бир катар карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

Баткен карантин режимин күчөтүп, облуска кирип-чыгууга тыюу салды. Тизме

Алар төмөндөгүдөй:

  • 10-июлдан облустар аралык каттамдар токтотулат;
  • Ар бир райондун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
  • Базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекциялоо үчүн жабылат;
  • Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга барууга да уруксат берилбейт;
  • Чектөөлөргө баш ийбей той-маараке өткөргөндөргө, дары-дармек жана азык-түлүктүн баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт;

Ошто айып салынганына карабай улам той өткөргөн кафенин ээсине иш козголду

  • Ош облустук казыятка жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди;
  • Бүгүнкү күндө Ош облусунда 614 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталган. 1 500дөй киши үй карантининде. Өткөн сутканын ичинде облустун 18 тургуну коронавируска кабылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0