00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектеги бир катар соода борборлору карантинге жабылууда. Тизме

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги соода борборунун кире беришиндеги күзөтчү жана кардар. Архив
Бишкектеги соода борборунун кире беришиндеги күзөтчү жана кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мэриянын токтомуна ылайык, ал жайлар саат 07.00дөн 19.00гө чейин иштеп жатат. Айрымдары ишкерлер менен сүйлөшүп, убактылуу карантинге жабылууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектеги бир катар соода борборлору COVID-19 менен пневмония тез жайылып жаткандыгына байланыштуу иштөө убактысын өзгөрттү.

Учурда мэриянын токтомуна ылайык, аталган жайлар саат 07.00дөн 19.00гө чейин иштеп жатат. Айрымдары ишкерлер менен сүйлөшүп, убактылуу карантинге жабылууда. 

Эске салсак, бүгүнкү күндө борбор калаада 3,6 миң адам коронавирусту жугузуп алгандыгы тастыкталды.

"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды

Sputnik Кыргызстан агенттиги ири соода жайлары жана көңүл ачуучу борборлордун администрациясы менен байланышып, кантип иштей тургандыгын билип көрдү.

"Дордой Плаза". Өз ишин 8-июлдан 19-июлга чейин токтотту. Мындай чечим ал жакта иштегендер менен ижарачылар тарабынан кабыл алынган. Ошол эле маалда гипермаркет, дарыкана жана банк иштей берет.

"Азия Молл". Соода борборунун 1-3-кабаттары белгисиз мөөнөткө жабылды. Биринчи кабаттагы дарыкана, гипермаркет, банктар 19.00гө чейин иштей берет.

"Айчүрөк" соода борбору. 9-июлдан баштап белгисиз убакытка чейин жабылат, бирок биринчи кабаты иштей берет. Анткени ижарага алган адамдар өз ишин уланта берүү ниетин билдирген. "Айчүрөк-2" соода борбору 4-июлдан 19-июлга чейин дезинфекцияга жабылган. Ал жакта дагы базар, банк, автоунаа жуучу жана токтотуучу жай ишин токтотпойт.

Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт

"Чынар" соода борбору. Учурда иштеп жана ижарага алган ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, тиешелүү чечим жакынкы күндөрү кабыл алынат. Соода борборунун администрациясы эгер эмгектенгендердин бир бөлүгү жумушун токтотсо, аларга карата айып салынбай тургандыгын белгиледи.

"Бишкек парк". Азырынча чечим кабыл алына элек. Аталган соода борбору мэриянын токтомунун негизинде иштөөдө.

"Редцентр". Иштөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алына элек.

"Весна" соода борбору. Биринчи жана экинчи кабаты 10-июлдан 20-июлга чейин жабылат. Биринчи кабаттагы банк, гипермаркет үзгүлтүксүз ишин улантат. Ал эми үчүнчү, төртүнчү кабатта кеңселер жайгашкан. Ал жактагы компаниялардын көпчүлүгү аралыктан иштөөгө өтүүдө.

"Бета Сторес-2". Азырынча чечим кабыл алына элек.

Бир катар чектөө кирген Бишкекте такси кандай иштей турганы айтылды

Башка ири соода борборлор менен байланышуу мүмкүн болгон жок, ошондой эле алар калаа тургундарын иштөө убактысындагы өзгөрүүлөр боюнча билдирүү тараткан эмес.

Кыргызстанда пандемиянын башталышы менен 8486 адам коронавирусту жуктуруп алып, 2983 адам айыгып, 112 бейтап каза болду. Андан сырткары, ооруканаларга пневмония менен көп жарандар кайрылууда. Март айынан бери ал илдеттен 268 адам кайтыш болду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0