БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Ош шаардык Кайгуул милициясына кызматкерлерди кабыл алууга сынак жарыялады.
Буга чейин өкмөт Ошто 1-июндан тарта Кайгуул милициясы ишке киргизилерин кабарлаган. Аталган кызмат пилоттук долбоор катары өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте ишин баштаган болчу.
Сынакка ЖКККБнын учурдагы кызматкерлери жана башка иштөөнү каалаган жарандар катыша алат. Алар калаадагы жол кыймылына көзөмөл жүргүзүп жана коомдук тартипке көз салышат.
Офицердик кызматка 21 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар жана жогорку билимдүү жарандар талап кылынат.
Катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар орто билими менен кабыл алынат.
Эркектердин боюнун узундугу 170 сантиметрден жогору, кыз-келиндердики 165 сантиметрден кем эмес болушу керек. Ошондой эле талапкерлер буга чейин соттолбогон болушу шарт.
Толук маалыматты ЖКККББнын расмий сайтынан алууга болот.
Документтер ушул жылы 5-июндан 6-июлга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү, 30 дарегине кайрылуу зарыл, же болбосо жумушчу топтун (03222) 3-95-63 номерине жана нөөмөт бөлүмүнүн 3-95-62 номерине чалуу керек.