30 миң сомдун 30 тыйынына тийбей кайтарган Руслан. Ыраазы кыздын ак жарыгы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКапчыктагы акча каражаттары. Архив
Капчыктагы акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бул жолу "Ак жарык" рубрикасында жоголгон капчыктагы 30 миң сомдун ээсин издеп таап, кайтарып берген 18 жаштагы Руслан жөнүндө сөз кылабыз. Жигиттин чыныгы мырзалык, адамдык сапатына ыраазы боло айтып берген кыздын баянын окурмандар менен бөлүшүп коюуну чечтим.

...25 жаштамын. Жогорку окуу жайын аяктап, өзүм тандаган кесибим боюнча модельер-конструктор болуп иштеп жатам. Өткөн жылы август айында кесиптештерим менен чогуу көлгө барып, эс алып келели деп даярдана баштаганбыз. Анда азыркы коронавирустун карааны жок. Эки жакка эркин чыгып, эс алчу эмес белек. Ошентип июль айынын маянасы 20 миң сом колго тийди. Мындан сырткары, жумушума тиешелүү болгон 10 миң сом, баары биригип 30 миң сомду капчыгыма салып, кудуңдап көйнөк сатып алганы жөнөдүм. Маяна колго тийгенде апамдын телефонуна бирдик салып коймой адатым бар. Квитанциясын капчыгыма салып койгом. Жанымда бир тууган эжем да бар болчу. Ош шаарындагы соода борборлорунун бирин кечке кыдырып, көңүлгө жаккан көйнөктү таппай койдук.

Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы
Калаадагы 159-маршруттук каттамга чыгып, "Келечек" базарын көздөй жүрдүк. Күндүн ысыгынан башым ооруп, маршрутканын ичинде уйкусурап келе жаткам. Биз түшүүчү аялдамага келгенде шашып-бушуп айдоочуга жол кире төлөп, эжем экөөбүз түшүп кеттик. Ары көздөй басканда эле колумда көтөрүп жүргөн капчыгымды таппай калдым. Кайдан кантип түшүрүп алганымды же чөнтөк ууруларга алдырганымды билбейм калдым.

30 миң сом аз акча эместигин, аны мен көзүмдүн майын коротуп, бир ай бою баш көтөрбөй ак мээнет менен иштеп тапканымды эстегенде көзүмө жаш тегерене түштү. Эжем болсо менин абалыма боору ооруп "мээнет менен тапкан акчаң кайра табылат, ыйлаба" деп сооротуп жатты. Акчамдан үмүтүм үзүлбөй, 159-маршруттук каттамдын бусиктери токтоочу жайга бардым.

Айдоочу салондон эч кандай капчык көрбөгөндүгүн айтты. Үмүтүм үзүлүп, аябай ызаландым. Ысык-Көлгө кесиптештер менен эс алууга барбай каларымды эстегенде көзүмдүн жашын токтото албай жөө келе жаттым.

Бир кезде апам телефон чалып "кызым кайдасың, тынчылыкпы?" деп сурай баштады. Же апама окуяны түшүндүрүп бере алсамчы? Өпкө-өпкөмө батпай шолоктоп ыйлайм.

Апам болсо "кызым, ыйлаба, акчаң табылды" десе, уккан кулагыма ишенбей бир ордумда катып туруп калдым.

Көрсө, окуяга күбө болгон эжем мени соороткондой эле мээнет менен тапкан адал акча кайра өзүңө кайтып келет турбайбы.

Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жетим өсүп, бири-бирине жөлөк болгон эже-сиңди. Бир туугандардын ак жарыгы
Биз аялдамадан шашылып түшүп жатканда колтугума кысып алган капчыгым маршрутканын ичине түшүп калган экен. Эжем экөөбүз жерге түшүп кеткенден кийин маршруткада чогуу келе жаткан бейтааныш жигит капчыкты көрүп артыбыздан эле түшүп, бирок жүзүбүздү тааныбагандыктан таппай калат. Эмне кыларын билбейт. Капчыкты алып, Кара-Суу районунун Мамажан айылындагы үйүнө кетет.

Үйүнө жеткен соң ичин ачып, акча менен кошо квитанцияны көрөт. Анда апамдын телефонунун номери жазылуу да. Себеби мен телефонуна бирдик салып, квитанциясын капчыгыма салып койгон элем. Ошол номерди терип, капчык тууралуу апама айтат. Апам окуяны түшүнүп-түшүнбөй мага чалат. Ошол учурдагы менин кубанычымды айтпаңыз, сөз менен жеткире албайм. Дароо атама байланыштым. Атам өзү менен чогуу иштеген кесиптеш жигитти капчыкты тапкан баланын үйүнө жиберет.

Көрсө, апама чалып байланышкан 18 жаштагы Руслан аттуу жигит экен. Сүйүнчүсүнө берген акчаны атасы экөө тең албай, баш тартат. Бирок атамдын кесиптеши алардын ой-боюна койбой сүйүнчүсүн берип, капчыгымды алып келди. Атам Русланга ыраазычылык иретинде бир жумуштарын бүтүрүүгө жардам берди.

Ошол окуя жана чынчыл, адамгерчиликти баарынан бийик койгон, тарбиясы мыкты адамдардын бар экендиги менин жашоого болгон көз карашымды толугу менен өзгөрттү. Учурдагы алдым-жуттум заманда 30 миң сомду эмес, 20 сомуң чөнтөгүңдөн түшүп калса көз алдыңда кымтып койгон напсисин тыя албаган адамдар да бар эмеспи.

Отун жарып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарыксыз калтырып, кайра отун жарып берген электриктин окуясы. Аялдын алкышы
Алардан айырмаланып, таап алган олжосун кайтарып берген Русланга, аны тарбиялап өстүргөн ата-энесине үй-бүлөбүз менен ыраазычылык билдирдик. Бул окуя эсиме кылт деп түшө калганда кадимкидей көңүлүм көтөрүлө түшөт. Ылайым эле жашоодо ушундай жарыгын чачкан адамдар көп болсо экен деп тилейм.

Ошентип жакшы адамдын жарыгы тийип, кесиптештерим менен көлгө барып, эс алууга да жетишкем.

Эгер бул макаланы окуп калсаң, ушул жерден да ыраазылык билдирип коюуну эп көрдүм. Рахмат сага, Руслан!

Жаңылыктар түрмөгү
0