14:24 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (877)
118710

Үстүбүздөгү жылдын башында Кытайдан чыккан коронавирус илдети дале болсо дүйнө элин кооптондуруп турат. Кээ бир өлкөлөр узакка созулган өзгөчө кырдаал абалынан акырындык менен чыга баштаса, айрым жерлерде оору эми күч алууда.

Сингапур жыл башынан бери коронавирусту жайылтпоодо башкаларга үлгү болгон мамлекеттердин бири эле. Бирок акыркы убакта бул мамлекетте дартка чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган өлкөдө жашаган кыргызстандык Сарвар Хайдаров менен азыркы абал, вирустун күчөшү жана элдин абалы тууралуу баарлашты.

— Сарвар, Сингапурга кантип барып калдыңыз эле, эмне менен алексиз?

— 2009-жылы мектепти аяктаган соң жогорку билим алуу үчүн Сингапурга келгем. Өлкөнүн билим берүү системасынын мыкты экендигин билчүмүн. Өзүм да окуучулук кезимде химия сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. Мындан улам университетке сынаксыз өткөм. Төрт жыл химиялык инженерия факультетинде окудум. Андан соң жергиликтүү окуу борборлорунун биринде мугалим катары эмгектене баштадым. Ал жерде өлкөдөгү мектептер менен келишим түзүп, окуучуларды химия сабагынан олимпиадаларга даярдайм.

— Азыркы учурда Сингапурда кырдаал кандай?

— Азыр абал чындыгында оор. Күнүнө 500-600 кишиден коронавирус табылып жатат. Пандемия бүт дүйнөдө өрчүп жаткан кезде бизде баары жакшы болчу. Бирок, айта турган нерсе, ооругандардын 90 пайызга жакыны жатаканаларда жашаган мигранттар. Өлкө жарандарынын арасынан күн сайын 3-4 гана адамдан вирус чыгып жатат. Дартка чалдыккандардын жалпы саны 30 миңден ашты. Бирок алардын 2 миңге жакыны гана ооруканага жаткырылды. Ал эми абалы анчалык оор эместер жатаканаларда, атайын жайларда изоляцияга алынды. Башында өкмөт жакшы даярданганы үчүн айыккандардын саны көп. Каза болгон 23 жарандын көпчүлүгү кары-картаңдар, ден соолугунда башка көйгөйү барлар. 

Работающий в Сингапуре, кыргызстанец Сарвар Хайдаров в маске
© Фото / Сарвар Хайдаров
Сарвар Хайдаров: 2009-жылы мектепти аяктаган соң жогорку билим алуу үчүн Сингапурга келгем. Өлкөнүн билим берүү системасынын мыкты экендигин билчүмүн. Ал жерде өлкөдөгү мектептер менен келишим түзүп, окуучуларды химия сабагынан олимпиадаларга даярдайм.

— Мигранттардын арасынан көп чыгып жаткан экен...

— Бир ай мурун вирус жуккандардын саны беш миңге жетчү эмес. Анан дароо эле мигранттардын арасында жайылып кетти. Алар көбү Бангладештен  келген кара жумушчулар. Жалпысынан жатаканаларда 300 миңдей адам өтө кичинекей бөлмөлөрдө төрт-бештен болуп жашайт. Бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, чогуу жүрүшөт. Изоляцияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан вирус тез тарап кетти.

— Алардын абалы кандай? Мигрант деп карабай коюшкан жокпу?

— Жок, тескерисинче, өтө жакшы шартта жашап жатышат. Медициналык жардам алып турушат. Өздөрү жаш, ден соолугу мыкты болгону үчүн каза болгондор жок. Үч маал тамак, бекер интернет менен камсыз болушкан. Бири-бирине жакын болтурбоо максатында адамдардын санын азайтып, бөлүштү.

— Көп мамлекет кыйналып турган кезде Сингапурда абал туруктуу болчу. Жада калса пандемияга каршы күрөшүү үчүн мисал катары көрсөтүлүп жаткан.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым Жакут Орозалиева
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
— Сингапур пандемияга каршы күрөшүү жаатында тажрыйбасы бар. Анткени 2003-жылы чыккан SARS вирусу ушул өлкөгө да жеткен. Андыктан психологиялык жана логистикалык жактан даяр эле. Илдет Кытайдан жаңы гана чыгып баштаган кезде эле иш-аракеттер башталды. Сырттан келгендерди, өз жараныбы же туристпи айырмасы жок, дароо 14 күндүк карантинге алышты. Муну уккан туристтердин саны да азайды. Ооруну алдын алууда жаңы технологиялар да колдонулууда. Мисалы, вирус жуктурган адамдын ким менен жолукканы, кайсыл жерде жүргөнү тууралуу маалыматтар тез арада билинет. Бул оорунун жайылбоосуна чоң түрткү болду. Ошол эле кезде атайын онлайн тиркеме чыгарышкан. Аны телефонуңан ачып коюп, жүрө бересиң. Эгер сен жүргөн жерде вирус чыккан болсо дароо билдирүү келет.

— Пандемия күтүүсүз келип көп өлкөлөрдө эл дүрбөлөңгө түштү. Сингапурдачы?

— Албетте, башында дүрбөлөңгө түшкөндөр болду. Бирок өкмөт абалды дароо колго алды. "Ызы-чуу түшпөгүлө, элдин баарына жете турган азык-түлүк, медициналык жана күнүмдүк жашоого керектелчү каражаттар бар" деген билдирүүлөрдү таратып жатышты. Ошол эле учурда министрлерден түзүлгөн комитет ишке кирди. Алар күн сайын акыркы маалыматтарды элге жеткирүү үчүн жыйындарды өткөрүп жатышат. Калк өлкөдөгү абал тууралуу так жана тез кабар алып турат. Ошентсе да эл арасында психологиялык жактан өзгөрүү болгондугу байкалууда. Мисалы, өзүм жакында бир окуяга туш болдум. Метродо бара жатсам жанымдагы аял чүчкүрүп жиберди. Анан көпчүлүк дароо андан алыстап, жанында тургандар басып кетишти.

— Өлкөдө карантин кандай өтүп жатат?

— Негизи өтө катуу карантин жок. Жүйөөлүү себеп болбосо көчөгө чыкпагыла деп сөз түрүндө гана айтылды. Эрежелерди сактап, сыртка чыксаң болот. Эч кандай уруксат кагазынын, кошумча документтердин кереги жок. Кадимкидей дүкөнгө барып, спорт менен алектенип жүргөндөрдүн саны көп. Кафе жана ресторандарда отуруп тамактанууга уруксат болбогону менен, өзүң барып сатып алсаң болот. Коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштейт. Бийлик негизи экономиканы алып кетүү үчүн жакшы аракеттерди кылды. Финансы жана өндүрүш тармагындагы стратегиялык ишканалар токтогон жок. Жумушчулар бири-биринен бир метр алыс туруп кызматын аткарып жатышат. Мындан улам өлкө экономикасы анчалык чоң зыян тарта элек. Болгону аба каттамдары жана туризм токтоду. Бирок булар күтүлгөн нерсе эле. Июнь айынын башынан баштап дагы да жеңилдиктер киргизилет. Мисалы, мектептер ачылат. Окуучуларга жайкы каникул июндан июлга чейин бир айга берилчү. Бул жолу карантинге туштай эс алууну май айына жылдырып коюшкан. Эми бир жума үйдө онлайн түрдө, бир жума мектепке барып билим алышат. Бардык тармактарды акырындап мурдагы системага келтирүү үчүн аракеттер жүрүп жатат.

Эл бийликтин айткандарын так аткарды. Бет кап такпай жүргөндөрдү жазалаган, эрежени бузгандарга акчалай айып салынган учурлар кездешип жатты. Бул үчүн атайын мыйзамдар чыккан. Пандемия жаңы башталганда сырттан келген башка өлкө жарандары 14 күндүк карантинге моюн сунбаса депортация болуп жатты. 

Работающий в Сингапуре, кыргызстанец Сарвар Хайдаров с семьей на отдыхе
© Фото / Сарвар Хайдаров
Апам, жубайым жана кичинекей балам Малайзияда калышты. Себеби баламдын документин күтүп жатканбыз. Ошол кезде чек ара жабылып, эки өлкөдө калып калдык.

— Жеке сизге кандай таасир этти?

– Мен болушунча үйдөн чыкпаганга аракет кылып жатам. Абал оорлой электе апамды Сингапурга алып келейин деп жаткам. Алгач Малайзияга келип, ал жерде жубайым жана кичинекей балам менен туруп калышты. Себеби баламдын документин күтүп жатканбыз. Ошол кезде чек ара жабылып, эки өлкөдө калып калдык. Эми ачылса эле жолугабыз деп турабыз. Күн сайын сүйлөшүп турам. Малайзиянын акыбалы Сингапурга караганда жакшы экен.

— Негизи эле көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирустан медицина кызматкерлери эбегейсиз зыян тартты. Сингапурдагы дарыгерлердин абалынан кеп салсаңыз?

— Массалык түрдө ооруга кабылуу болгон жок. Жогоруда айткандай, буга чейинки пандемиядан улам тажрыйба бар экен. Коргоочу кийимдер, медициналык каражаттардын баары даяр болчу. Бет каптар да биринчи кезекте дарыгерлерге таркатылып, алар толугу менен камсыз болушту.

— Өлкөдөгү кыргыздардын жашоосу кандай өтүп жатат?

— Сингапурдагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү билим алуу үчүн келген студенттер. Ошондой эле он чакты үй-бүлө да бар. Менин билишимче, алардын арасында коронавируска чалдыккандар жок. Негизи өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган эмес. Расмий суроолор боюнча Малайзиядагы консулдукка кайрылабыз. Ошондой эле Кытайдагы элчилик да каралашып турат. Илдет жаңы гана башталган кезде алар бизге жазып, баарыбыз тууралуу маалымат алышты. Өзгөчө абал болуп кетсе жардам бергенге аракет кылабыз дешкен.

— Эми өзүңүздүн ишмердигиңиз боюнча кененирээк маалымат берсеңиз?

— Мен иштеген окуу борбору мектеп окуучуларын ар кандай сабактар боюнча олимпиадаларга даярдайт. Өзүбүз иштеп чыккан атайын программа бар. Аны жергиликтүү мектептерге сунуштап, кадимкидей тендерлерге катышабыз. Эгер утуп чыксак, атайын келишим түзүп, сабак өтөбүз. Жеке мен химия сабагынан жакшы билген окуучуларды топтоп, аларды интенсивдүү түрдө даярдайм. Жалпысынан беш мектептин ар биринде кыркка жакын окуучум бар. Азыр пандемиядан улам олимпиадалар токтотулуп, биздин да кээ бир долбоорлорубуз ишке ашпай калды. Ошол эле учурда, биздин окуу борбору жыл сайын химия, физика, математика жана биология боюнча онлайн олимпиада уюштурабыз. Ага 30га жакын өлкөдөн окуучулар катышат. Арасында кыргызстандык балдар-кыздар да бар.

— Кыргызстанга кайтуу планыңызда барбы?

— 2016-жылы Кыргызстанга барып иштедим. Бир жыл окуучуларды олимпиадага даярдадым. Бул мен үчүн жакшы тажрыйба болду. Анткени эки өлкөнүн билим берүү системасын салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Кесибим боюнча инженермин. Эми педагогикалык жактан билим алууну көздөп жатам. Жетиштүү тажрыйба топтоп, сөзсүз Кыргызстанга барам.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (877)

Тема боюнча

“Биз да ооруп калабызбы” деп ыйлашты. Медиктерди айыктырган дарыгердин маеги
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги
Белгилер:
маек, билим, медицина, экономика, Мигрант, оору, Сингапур, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ