Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык кызматкер айдоочунун температурасын санитардык карантин өткөрүү пунктунан текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер айдоочунун температурасын санитардык карантин өткөрүү пунктунан текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ар кайсы аймактарына жарыяланган өзгөчө абал режими жоюлганы менен өлкө боюнча өзгөчө кырдаал тартиби дагы деле уланууда.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстан боюнча санитардык-карантиндик 65 пост калганын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

"Бишкекте — 16, Чүй облусунда —эки, Талас облусунда — алты, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — эки, Ош шаарында — жети, Ош облусунда — тогуз, Жалал-Абал облусунда — үч, Баткен облусунда 10 пост бар", — деди Каниметов.

Анын айтымында, 65 посттун ичинен 23ү тартип сакчылары менен биргеликте каралып, иштеп жатат. Алар Бишкек жана Ош шаарына коюлган бардык посттор.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Андан 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0