БИШКЕК, 10-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 10-майга карата, дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын жашаган аймактары:
- Бишкек шаары - 2;
- Чүй облусу - 56, анын ичинен 55и Соль-Илецкиден келгендер;
- Жалал-Абад облусу - 5;
- Ош облусу - 3;
- Баткен облусу - 4;
- Нарын облусу - 1.
Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус аныкталгандардын саны 1002ге жетти.