Оору жуктургандардын катары суюла элек! Бүгүн дагы 35 кишиден COVID-19 табылды

© AFP / PHILIP FONGКоронавирусту аныктоо үчүн алынган үлгү
Коронавирусту аныктоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында дагы 35 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Ушуну менен ооруга кабылгандардын жалпы саны 830га жетти.

БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 4-майга карата, дагы 35 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтаптар жашаган аймактар:

Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу - 2;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу - 5;
Баткен облусу – 1.
Ушуну менен ооругандардын жалпы саны 830га жетсе, сакайгандар  575 киши. 4-майга карата ооруканадан 11 адам чыккан. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0