Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталды

© REUTERS / BAZ RATNERКоронавируска тест жасоо
Коронавируска тест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында дагы 26 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Ушуну менен ооруга кабылгандардын жалпы саны 795ке жетти.

БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 3-майга карата, дагы 26 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтаптар жашаган аймактар:

Бишкек шаары – 14;
Ош облусу – 2;
Чүй облусу – 9;
Баткен облусу – 1.

Ушуну менен ооругандардын жалпы саны 795ке жетти, алардын 564ү сакайып кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0