Дезинфекция жасап жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан

Коронавирустун Кыргызстандагы 47-күнү: абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда мындан туптуура 47 күн мурда умрадан келген жарандардан COVID-19 табылганы боюнча расмий маалымат айтылган.

Андан бери өлкөдө абал бир топ өзгөрүп, бир катар аймактарга өзгөчө абал кирип, кайра алып салынды. Ал эми дагы бир нече шаар менен бир райондогулар ошол тартипте жашоосун улантууда.

Өлкөдө жалпысынан коронавирус 769 адамдан аныкталды. Анын ичинен 527си айыкты. Азыркы тапта стационарда 232 бейтап дарыланып жатат. Соңку күндөрү эки киши COVID-19дан көз жумду. Жалпы каза тапкандардын саны 10го жетти.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:35 03.05.2020
20:31 03.05.2020

Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) эгер жарандар май майрамдары учурунда изоляция режимин бузса, чөктөөлөр июнь айына чейин жылышы мүмкүн экенин маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

 

Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Россияда чектөөлөр июнь айына чейин созулуп кетиши мүмкүн. Себеби
20:29 03.05.2020
19:39 03.05.2020
19:01 03.05.2020

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аларга адистер онлайн-кеңештерди берип турган. Ал эми айы-күнү жеткенде обсервациядагы төрөт бөлүмүнө жеткирилген.

 

16:56 03.05.2020

“13-апрелде тун уулум төрөлдү. Бирок учурда обсервацияда жаткандыктан ымыркайды көрө элекмин. Бирок, үйгө чыкканга шашып жатам”, - деди Ош облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери Бахтияр Абдраим уулу.

16:49 03.05.2020

Мындай чечимди Облустук ыкчам штаб кабыл алганын Республикалык штабдан билдиришти.

Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

"Кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек. Мындан ташкары, 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө.



16:46 03.05.2020
14:50 03.05.2020
14:39 03.05.2020

Ноокат аймактык оорукананын директору Асамидин Марипов коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдарды дарылоо, оор учурлар, COVID-19ду дарылоо боюнча иш тажрыйбасы менен бөлүштү

13:53 03.05.2020
13:50 03.05.2020

Кечээ, 2-майда, коронавирустан каза болгон Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну жакында эле Россиядан келген. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 28-апрелде Екатеринбургдан чартердик каттам менен Бишкекке алып келинген. Алгоритм боюнча обсервацияга жаткырылып, андан COVID-19 тастыкталгандан кийин Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына которулган.

Ошондой эле аялдын өнөкөт оорулары болгону айтылат. Ал жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети менен ооруп жүргөн.

 

 

13:28 03.05.2020

“Кооптуу акыбалга келип калдык. Жардамдар берилип, элди камтыган менен башка маселе болууда. Оору жуктурган жарандардын саны күн сайын өсүп жатат. Андыктан жакшы нерселер үчүн үйдөн көп чыкпай, бала-чаканы көзөмөлдөп, санитардык эржелерди сакташыңыздарды суранат элек. Баарыбыз буулугуп бүттүк. Бирок, келечек, улут үчүн ден соолукту сактап, үйдө отуруп бергиле деп суранабыз. Жоопкерчиликти ар бирибиз өзүбүзгө алалы”, - деди маалымат жыйын учурунда Балбак Түлөбаев.

 

13:25 03.05.2020

“Бийликке ишенбейбиз, коррупцияга жол берилиши мүмкүн деген көп сөздөр болууда. 312 tunduk порталына берилген жардам боюнча маалыматтар жайгаштырылган.  Жалпысынан 108 миңге жакын жаран боюнча маалыматтар киргизилип жатат. Канча кишиге жардам берилгенин пандемия бүткөндөн кийин толук билсе болот”, - деди Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев.

12:43 03.05.2020
12:06 03.05.2020

Статистика боюнча 2-майда эки киши COVID-19дан кайтыш болгону белгиленген.

Мындан сырткары инфекция 76 кишиден табылган. Учурда дарыгерлердин кароосунда 2,8 миң пациент турат.

Тажикстанда биринчи илдет 30-апрелде катталган. Анда дароо 15 кишиден инфекция чыккан. Алардын 10у Согди, ал эми бешөө Душанбе шаарынан катталган.

11:47 03.05.2020

16 жашка чейинки балдар арасында вирус жуктургандардын саны — 107. Алардын ичинен бир жашка чейинки бөбөктөр алтоо. 16-19 жаштын ортосундагы улан-кыздардын саны 24кө чыкты", — деди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. 

 

11:46 03.05.2020

Кыргызстанда ушул тапта коронавирус жуктуруп алгандардын билинбей, киши өзү байкабай эл арасында жүрүшү толук мүмкүн.   Бул туурасында Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов  маалымат жыйын учурунда билдирди.

 

Адис мындай кооптуулук туурасында айтып жатып, инфекция ар кыл жерден жугуп кала тургандыгын айтты.

“Бул ар кайсы жерден, маселен, лифтиге түшкөндө да башкага же үйдөгү жакындарына жугушу мүмкүн. Алар сезбегендиктен медициналык мекемелерге кайрылбайт. Муну атайын иликтөө жүргүзгөндө гана билүүгө болот. Сасык тумоо, грипп менен 1 кварталда 93 300 киши катталды. Алардын арасында коронавирус менен ооругандар жок деп айта  айта албайбыз”, - деди Нурматов.

11:18 03.05.2020

Коронавирус жуктуруп алып каза тапкан дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом конпенсация төлөнөт. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

 

Очки и национальная валюта - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: COVID-19дан каза болгон дарыгердин бүлөсүнө компенсация төлөнөт
10:57 03.05.2020

Испаниянын жашоочулары марттын ортосунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден бери биринчи жолу таза абага чыгып сейилдеп, машыгууларын жандантышты.

 

Ослабление карантинных мер в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Испания тургундарга расписание менен сейилдөөгө уруксат берди
10:34 03.05.2020

“Майдын акырында инфекциянын күндө аныкталуусу басаңдайт деп турабыз. Оору майдын аякташы менен токтолот деген божомол бар”, - деди Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов  маалымат жыйын учурунда билдирди.

 

10:17 03.05.2020

Чүй облусунда – 2

 Бишкек шаарында – 5

10:16 03.05.2020

Бишкек ш. – 14
Ош облусу - 2
 Чуй облусу – 9
 Баткен облусу - 1

10:11 03.05.2020
10:11 03.05.2020
10:01 03.05.2020
10:01 03.05.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0