Көзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы COVID-19: кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус табылгандан бери 33 күн өттү. Бул арада ооруп калгандардын саны жарым миңден ашты. Алардын ичинен 5 киши көз жумду.

Оору жөнөкөй жарандар эмес, медицина кызматкерлерине жугуп, алардын саны 116га жетти.

Абалдан улам 25-марттан тарта Кыргызстандагы үч шаар менен үч районго өзгөчө абал киргизилген. Алар - Бишкек, Ош жана Жалал-Абад калаалары менен Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору.

Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кабылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Учурда аталган райондон табылган оорулардын саны кескин өсүүдө. Аталган аймактарга карантиндик жана фильтирлөөчү посттор коюлуп, элдин кирип-чыгышы тыкыр көзөмөлгө алынган.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:52 19.04.2020

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары көчөгө, сейил бактарга көп чыга баштагандыктан, шаардык милиция аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Ар бир районго милиция кызматкерлер бөлүнүп, алар шаар тургундарына карантин режиминин талаптарын бекем сактап, зарыл болбосо үйдөн чыкпай, урусат кагазы жок болсо, автоунаа менен шаарда жүрбөй кое турууну эскертти.

16:00 19.04.2020

Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын ичинен бирөөсү эпидемиолог.

Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкты.

14:44 19.04.2020

Бүгүн, 19-апрелде, Ысык-Көл облустук ыкчам штабы жарандардын кирүүсүн бир гана "Ак-Кеме" экологиялык посту аркылуу жүргүзүү боюнча чечим кабыл алды. Ал эми "Кызыл-Омпол" аймагындагы пост аркылуу чыгууга гана болот.

13:54 19.04.2020

Бүгүн Ноокат районунан 67 жаран обсервациядан чыгарылат. Жалпы обсервациядан чыгарылгандардын саны 221 адамды түзөт. Ноокат районунда 10 обсервациялык жай даярдалган, алар 700 орунга ылайыкталган. Мындай маалыматты Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев брифинг учурундай берди.

13:15 19.04.2020

Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов учурда жазгы талаа иштеринин 98 пайызы аяктап калганын айтты.

"Жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн дыйкандарга ар тараптан колдоо көрсөтүлгөн. Өз учурунда дыйкандарга керек болуучу тетик каражаттарын саткан дүкөндөр ачылып иштеп жатат. Андан сырткары, ар бир айыл өкмөт башчылары тарабынан көчмө көчөт базарлары уюштурулду", — деди ал.

Көчөт боюнча суроолор үчүн төмөнкү телефон номерлери иштеп жатат:

  • 0999-08-92-97
  • 0775-02-12-88
  • 0557-04-14-89
13:12 19.04.2020

ыргызстанда 134 медкызматкер COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган:
Бишкек ш. – 48
Ош ш. – 40
Жалал-Абад облусу – 12
Ош облусу – 18
Баткен облусу – 3
Чүй облусу – 2
Нарын облусу – 11.

12:55 19.04.2020

Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун демилгеси менен Ош облусунун Ноокат районунун бир катар айылдарында аз камсыз болгон, көп балалуу мугалимдерге азык-түлүктөрдүн баштыктары таратылды. Эми мындай иш-чаралар Кара-Суу району боюнча уланат.

12:20 19.04.2020

Кечээ, 18-апрель күнү, өлкө боюнча 38 645 чарчы метр имараттын ичи, 131 370 чарчы метр имараттын сырты жана жалпы 170 015 чарчы метр аймак дезинфекцияланды. Бул иш-чарага 100дөн ашуун куткаруучу тартылганын ӨКМ билдирди.

Билдирмеге ылайык, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраагы, дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган адамдарга ведомство тарабынан күн сайын үч маал ысык тамак берилип жатканы кошумчаланды.

Ал эми 112 ыкчам номерине өткөн сутка ичинде жалпы 6857 чалуу катталып, анын ичинен 576сы коронавирус боюнча сурашкан. Нөөмөттөгү диспетчерлер аларга жооп берип жатканы маалымдалды.

12:19 19.04.2020

Кыргызстанда 7877 адам коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул сан эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 5-апрелден тарта өлкөдө коронавирусту изилдөөгө 32 293 үлгү келип түшкөн. Анын ичинен 31 659уна изилдөө жүргүзүлгөн.

12:15 19.04.2020

18-апрель күнү кечинде жана 19-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 91 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 4 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 57;
  • Жалал-Абад шаарында — 8;
  • Ош шаарында — 4;
  • Сузак районунда — 12;
  • Кара-Суу районунда — 3;
  • Ноокат району — 1;
  • Нарын шаары — 6.

Ал эми Ат-Башы районунда тартип бузуу болгон жок.

10:29 19.04.2020

Стационарда жаткан 416 бейтаптын арасындагы 16 адамдын абалы оор деп бааланууда. Анын тогузу реанимацияда.

10:13 19.04.2020

Коронавирус бар деп чыккан адамдардын 18и медицина кызматкери экени айтылды. Ушуну менен вирустан жапа чеккен медиктердин саны 134 болду.

10:11 19.04.2020

Үч бейтап айыгып чыкты. Сакайгандар Бишкек менен Нарында.

10:05 19.04.2020

Жалпы бейтаптардын саны 554кө жетти. Бүгүнкү маалыматтан вирус аныкталган тогуз киши Бишкекте, дагы тогуз адам Ош шаарында, жетөө Ош облусунда, тогуз бейтап Жалал-Абадда, 11 киши Нарында, бирөө Баткенде, дагы экөө Чүй облусунда экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0