Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Архив
Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок андан кийин апрелдин этегине чейин жылган.

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Калкты жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылды
Ага ылайык, мындай чечим Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок COVID-19 тарап жаткандыктан 20-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүү чечими чыккан. Эми анын жаңы убактысы айтыла элек.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Аны Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0