"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелге пландалган. Бирок өлкөдө коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Ак илбирс" киносыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелге пландалган. Бирок өлкөдө коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды.

"Сыйлык тапшыруу аземи качан өтөрү кийинчерээк айтылат. Ага даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

"Ак Илбирс" — мыкты кинематографисттерди сыйлоо үчүн жыл сайын өтө турган иш-чара. Сыйлыкка өткөн жылы тартылган ар кыл жанрдагы картиналар талапкер боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0