БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда билимдүү эркектерге караганда билимдүү аялдар көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Мисалы, өлкөдөгү кыз-келиндердин орто кесиптик билимге 9,3 пайызы (эркектер 4,6 пайыз), кесиптик башталгыч билимге 7,2 пайызы (эркектер 4 пайыз), жогорку билимге 27 пайызы (эркектер 19 пайыз) ээ.
Илим жаатында дагы аялдар басымдуураак. Тагыраагы, жалпы аспиранттардын 59 пайызы аялдар болсо, докторант аялдар 62 пайызга жетет.
Болгону жалпы орто билим жагынан эркектер алдыда (54 пайыз).
Ал эми аялдар менен эркектердин жалпы саны боюнча айта турган болсок, 2019-жылкы маалыматка караганда, Кыргызстанда 6 миллион 400 миң киши бар. Алардын 49,3 пайызы эркектер, 50,7 пайызы аял кишилер.