12:53 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Коом
Кыскача шилтеме алуу
223 0 0

Түн ортосуна чейин Ботаникалык бактын аймагында аба салыштырмалуу таза болсо, Бейшеналиева менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде аба өтө булганган жер катары көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкектеги абанын тазалыгын эсептеген датчиктер жаңы жылдык түндө атылган салюттардан кийин абада РМ2.5 бөлүкчөлөрү кескин көбөйгөндүгүн көрсөттү. Муну "МувГрин" экологиялык кыймылынын орноткон жабдууларында байкалды.

"Короче" - Telegram каналы Жаңы жылга чейинки жана андан кийин абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөрдү салыштырды.

Биринчи скриншот 31-декабрь түнү саат 23.40тар чамасында жасалган. Анда шаар боюнча Ботаникалык бактын аймагында аба салыштырмалуу таза болсо, абасы өтө булганган жер катары Бейшеналиева менен Токтогул көчөсүнүн кесилиши көрсөтүлгөн.

Түн ортосунда асманга салют атылгандан кийин РМ2.5 көрсөткүчү бардык жерде жогорулаган.

"МувГрин" экологиялык кыймылы борбор калаага бир нече датчик орноткон. Алар абанын курамындагы РМ2.5 бөлүктөрүн ченейт. Анын жардамы менен көрсөткүчтөрдү ар дайым көз салып турууга болот. РМ — бул абадагы майда бөлүкчөлөр. Ал эми РМ2,5 болсо 2,5 микрометрге, РМ10 — 10 микрометрге жетпеген бөлүкчөлөр.

Тема боюнча

Жаңы жыл күнү кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкек чулгаган ыштан улам көрүнбөй калды. Тоодон тартылган видео
Рысалиев: Кыргызгидрометке 38 млн. сомдук подстанция алып беребиз
Белгилер:
салют, аба, Жаңы жыл, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ