2020-жылдан тарта оң рулдуу автолор такси катары колдонулбай калат. ЖК сунушу

Жазылуу
Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салуу боюнча маселе 2013-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору 2020-жылы күчүнө кирет. Бирок депутаттар аны дагы жылдырып турууну сунуштоодо.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталып жатат.

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов көтөрүп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, парламенттин сайтына жарыяланды

Кыргызстандыктар кандай автоунааларды алып жана сатышат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар. Үлгүсү, баасы, жылы, куйган майы
Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, күчүнө 2016-жылдын 1-январында кирген. Анда айрым депутаттар ИИМде документтерди колдонуу механизми жок болгондуктан, муну токтотуп турууну сунуштаган. Ошентип тыюу салуу 2018-жылга чейин жылдырылган. Анда дагы парламентарийлер макул болушкан эмес. Анүстүнө жумушсуз калабыз деген таксисттер нааразычылык акциясына чыгышкан. Жыйынтыгында тыюу салуу мөөнөтү 2020-жылга жылдырылган.

Эргешовдун айтымында, азыркы мыйзамда оң рулдуу унааны такси катары колдонгондор кандай жоопкерчилик тартары дагы деле көрсөтүлө элек. Ошондой эле ал мындай унааларды колдонгон айдоочуларга айып салуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында коррупциялык системанын пайда болушуна алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0