Ызаланган кыргыз келиндин Японияда ачкан кафесине эл келе баштады. Сүрөт

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык аял 30-ноябрда кафесин ачып, бирок эч ким келген эмес. Анын көзүнө жаш алып капаланып жатканын күйөөсү видеого тартып алган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел Минагава алгачкы кардарлар келе баштаганын Twitter баракчасына жазды.

Кыргызстандык аял 30-ноябрда кафе ачып, бирок ага эч ким келген эмес. Анын көзүнө жаш алып капаланып жатканын күйөөсү видеого тартып алган.

​Социалдык тармакка жарыяланган видео бир нече күндүн ичинде 100 миңден ашык жолу көрүлүп, аны Кыргызстандагы, Казакстандагы, Россиядагы жана Украинадагы колдонуучулар колдой баштаган. Окуя тууралуу чет элдик ЖМКлар дагы жазышкан.

Асел кардар жок деп кол куушуруп отуруп калбай, чакан жайын жарнамалоого болгон аракетин жумшаган.

Акыр-аягында ал кафесине баш баккан алгачкы кардарынын сүрөтүн жарыялады.

​Андан кийин экинчи кардар келген. Алардын бардыгы конокторду көп тартуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып, кеп-кеңешин беришкен.

Асел ошондой эле эч качан кыялдан баш тартпай, аны ишке ашырууга болгон күчтү жумшоо керектигин окурмандарга айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0