БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Коомдо чуулуу талкуу жараткан "Кормилица" көргөзмөсүнөн кийин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Директордун арызына министр Азамат Жаманкулов кол койду.
Маалыматка караганда, көргөзмөнүн авторлору алдын ала аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча иш-чара өткөрөрүн айтышкан.
"Экспозицияны карап туруп, тема "аялдардын экономикалык эркиндигинен" кыйла өзгөчөлөнүп турарын айтуу зарыл. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик иш-чара макулдашылбай туруп өткөрүлгөнүн эскертти.